Ош: газсыз калгандар жол тосту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарынын СМУТТ кичирайонунун тургундары бир аптадан бери эртеден кечке жарык өчүп атканына, эки айга жакын убактан бери газ жоктугуна нааразы болуп, Ош - Араван жолун тосушту. Милиция аларды дароо жолдон сыртка чыгарышты. Бирок ошого карабай жашоочулар таркап кетишкен жок. Алар бийлик өкүлдөрү келип, сүйлөшкөндөн кийин гана тарашты.