Fit жайнаган “Жапалак” унаа базары

Унаа базардан, албетте атактуу "Тико" жана "Матиз" унааларын көбүрөөк көрүүгө болот.

“Жапалак” унаа базарын ачуу 2012-жылы шардык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен башталган. Анын курулушу башталгандан бери шаардык бюджеттен 33 млн. сом акча жумшалган.

Унаа турчу жайлардын ижара акысы аптанын жума күнү 140 сом болсо, ишемби күнү 120 сом, ал эми жекшемби күнү 60 сом төлөшөт. Калган күндөргө ижара акы 20 сом.

“Жапалак” унаа базарында кадимки эски машинелерден баштап, лимузин, хаммер сыяктуу машинелерди да табууга болот.

Жакынкы жылдардан баштап бул базарда Жапониядан ташылган оң рулдуу Honda Fit унаалары аябай көбөйдү. Базардын дээрлик 30-40% пайызын эле ушул машине ээлеп турат.

Албетте, мында алып-сатарлар да түрдүү улуттан. Анын ичинде өзбек тектүүлөр көбүнчө Кореядан машине ташып келишсе, кыргыздар Япония жана Европа өлкөлөрүнөн алып келишет.

Негизинен унааны кызуу сатуу мезгили жаз жана күз мезгилдерине туура келет. Азыр базар аянтына шагылдар төшөлүп, унаалар маркасына жараша бөлүштүрүлүп коюлган. Айрыкча кардарларга шарт түзүү, базар аянтын кеңейтүү боюнча аракеттер зор. Бирок дагы бир нече сотых аянт жерлер азырынча суу каптап, ылай болуп турат.

Базарга жумасына эки миңден төрт миңге чейин унаа киргизилет. Кээде алардын саны мындан да көбүрөөк.

Унаа базарды которуунун дагы бир максаты калаа ичинде автотыгындарды азайтуу болгон. Бирок учурда “Жапалак” унаа базарынын жанында деле 2-3 сааттык, кээде 4-5 сааттык тыгын орун алууда. 

Шаардын жакасындагы Жапалак айылында элүү жылдан бери эч ким пайдаланбаган саз, камыш баскан жер 2-3 жыл ичинде минтип олчойгон унаа базарына айланды.

Кантсе да “Жапалак” унаа базары аптасына жети күн иштейт. Ал эми мурдагы унаа базар ишемби жана жекшемби күнү гана иштечү. 

Ош шаар казынасына унаа базарынан айына 500 миң сомдон 750 миң сомго чейин акча түшөт. Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери "Жапалак" унаа базарын анализдеп, шаардын казынасына түшүүчү акча каражатын андан да көбөйтүү боюнча иш алып барууда.

Жаңы унаа базарынын жалпы аянты 24 гектар жерди түзөт. Азыр анын 10 гектары толук ишке кирген.

Ош-Араван жолуна кетчү жердеги Ош шаардык унаа базары “Жапалак” деп аталат. Эки жыл мурда ачылган бул муниципалдык базарга учурда аптасына 3-4 миңдей унаа кирип чыгат. Ушул аралыкта базар шаардын бюджетин толтуруучу чоң ишканалардын бирине айлана алды. Базарга бери жагы Жалал-Абад, тиги жагы Баткен, ошондой эле Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн да алып-сатарлар келип турат.