Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Ош: соодагерлер базардан көчүүгө каршы


Милиция жана мэрия “Унаа тетиктери базарын” көчүрүүнү машина тыгындары менен байланыштырат.
Милиция жана мэрия “Унаа тетиктери базарын” көчүрүүнү машина тыгындары менен байланыштырат.

Оштогу унаа тетиктерин саткан базардын соодагерлерин калаа сыртына зордоп көчүрүү аракетинен талаш жаралды. Милиция кызматкерлери жана МАИчилер тетик саткандардын дүкөндөрүн жаап, бул жерге кардарларды жакын жолотпой жатканына сатуучулар нааразы.

Алар Манас-Ата кичирайонунда жаңы ачылган “Кудайберди” менчик базарына көчүүнү каалабай турушат. Айтымдарында, бул тетик базарга шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жана аймактык милиция жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков ээлик кылат экен. Бирок аталган бийлик өкүлдөрү болсо мындай маалыматтарды төгүндөп, мурдагы тетик базар жол тыгындарын азайтуу үчүн жабылып жатканын билдирүүдө.

Эски базардан кеткиси келбегендер

Мындан эки ай мурдараак башталган аракет жаңы ачылган унаа тетик базарынын менчик экендиги шардана болгондон кийин гана талаш пикирлерди жаратып отурат. Башында соодагерлер, шаардыктар деле бул ишке анча маани бербей келсе, эми “күч түзүмдөрү сатуучуларды эмне үчүн менчик базарга зордоп көчүрүүгө кызыкдар?” деген суроо көптөрүнүн башын катырууда.

Оштун Калинин жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Унаа тетик базарынын” директору Арапбай Бурханов буларга токтолду:

Арапбай Бурханов.
Арапбай Бурханов.

- Биз салык, Соцфонд, патент, коммуналдык кызматтардын баарын төлөп, иштеп келгенбиз. 2-октябрдан бери милициялар келип эле бул жерди жаап, эч кимди киргизбей жатат. Манас-Ата кичирайонундагы “Кудайберди” деген унаа тетик базарга көчөсүңөр деп, мажбурлап жатышат. Эртең менен таң атпай намаз убактысында келишет, кечке 30-40тай милиция ушул жерде турат. МАИчилер машинелерди кууйт, милициясы адамдарды жолотпойт. Же Ош шаардык кеңешинин, же Ош шаардык мэриясынын буйругу жок, негизсиз эле кысмакка алышууда. Биздин базар менчик болсо, кызыл китеби болсо, тетик базар сатуу үчүн атайын каттоодон өтүп, ачылган базар болсо, анан бизди азыр өзүңдүн үйүңдөн куугандай эле болуп жатат. “Кудайберди” базарына көчүп баралы десек, ал деле кадимки менчик базар экен. Эгер муниципалдык базар болсо да биз бул жерде шаардын же, мамлекеттин кызыкчылыгы болуп жатат деп ойломокпуз. Ал деле менчик базар болсо ал жакка көчүүнүн пайдасы эмне?

Бурханов жетектеген “Унаа тетик базары” деп каттоодон өткөн соода жайдын 6 350 кв. метр аянтына Алтынбек Мадияров аттуу жаран ээлик кылат. Акылбек Турдубай уулуна таандык болгон 1 378 кв. метр аянт да ушул эле базарга карайт.

Мындан сырткары, базардын Гапар Айтиев көчөсү тарабындагы бөлүгү, 23 923 кв. метр аянты менен Токташ Бурканов деген башка бир жарандын менчиги болуп саналат. Бул базар болсо “Алгабас” деп аталат.

Жаңы базарга шаар бийлиги ээлик кылабы?

Жаңы "Кудайберди" базары.
Жаңы "Кудайберди" базары.

Аталган эки базарда жалпы 400-500дөй соодагер унаа тетиктерин сатып тиричилик кылып келчү. Бирок эми азыр базар ээлери да, соодагерлер да бир менчик базардан башка менчик базарга күчтөп көчүрүүнүн канчалык зарылдыгы бар экенин аңдай албай турушат.

Сатуучулардын бири Тайыр Умар уулу бул иштердин артында калаа чоңдору тураарын болжоп жатат:

- Бул ишке бир майдараак чиновник, же чаканыраак бизнесмен аралашып жатат десек жаңылабыз. Милиция, МАИ кызматкерлерин аралаштырып жатса, демек өкмөттүк деңгээлде, же Ош шаарынын жетекчилик деңгээлинде бул ишке кызыкдар адамдар бар. Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, ошондой эле Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жаңы “Кудайберди” базарына ээлик кылат экен деген кеп айтылууда. Алар өздөрү сыртта туруп эле базарды бирөөнүн атына жаздырып коюштуптур деген сөздөр болуп жатат. Тетик базар саткан жерде көп акча болот, балким чындап эле алардын ошондой кызыкчылыгы бардыр. Ошонусуна да карабай, “өлүп кетсин” деп, ал жакка көчүп баралы десек, “Кудайберди” базарындагы контейнерлерди бизге 10 миң доллардан сатышууда. Өзүбүздүн контейнерлерди алып баралы десек, ага уруксат бербей жатышат.

Базар жол тыгындарын азайтуу үчүн көчүрүлүүдө

Милиция органдары болсо “Унаа тетиктери базары” менен “Алгабас” базарын шаар сыртына чыгаруу аракеттерин бул айланадагы машина тыгындары менен байланыштырат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев мындай дейт:

- №3 Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин төрагасы Эрбабаевдин атынан жана ошол жердеги элдин атынан Ош шаардык мэриясына арыз түшкөн. Алар ошол эле Айтиев, Каленин, Амир-Темир, Пахтабад, Моминова көчөлөрүндөгү турак жай багытында берилген үйлөр максаттуу пайдаланылбастан, автоунаа оңдоочу жайларга жана соода базарына айланып кеткени автоунаа тыгындарын көбөйтүп, жөө жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаратып жатканы боюнча даттанышкан. Ушунун негизинде мэрия Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул айланадагы автотыгындарды азайтууну суранып кат жолдогон. Биз азыр ошол каттын негизинде базардын тегерегинде коопсуздукту жана жол коопсуздугун сактоо үчүн иш-чараларды көрүп жатабыз. Милиция болгону ушул жерде тартип сактоо үчүн мэрияга жардам берүүдө. Жаңы базардын ээси ким жана эски базарга кимдер ээлик кыларын билбейм. Бирок жаңы базар Сүйүн Өмүрзаковдун менчиги эмес жана ага тиешеси жок.

Шаар бийлиги “Унаа тетиктери базары” менен “Алгабас” базарын шаар сыртына чыгаруу аракеттерин бул айланадагы тыгын маселелери менен байланыштырат.
Шаар бийлиги “Унаа тетиктери базары” менен “Алгабас” базарын шаар сыртына чыгаруу аракеттерин бул айланадагы тыгын маселелери менен байланыштырат.

Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлжамал Жороева да унаа тетиктерин сатуучу соода жайын Манас-Ата кичирайонуна жылдыруу аракети максаттуу жүргүзүлүп жатканына токтолду:

- Ош шаарындагы тыгындарды, жолдордогу жүктү азайтуу жана калаа ичиндеги базарларды иретке келтирүү иштери мурдатан эле жүргүзүлүп келатат. Буга чейин маселен калаадагы унаа базары да шаар сыртына чыгарылган. Мына борбордук базарды да шаар четине чыгаруу боюнча демилгелер айтылып жүрөт. Бул авто тетик базарын Манас-Атага чыгаруу да так ушул пландуу аракеттердин негизинде гана жүрүүдө. “Кудайберди” базарына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев эч кандай ээлик кылбайт. Болгону ал жерди бир бизнесмен сатып алган экен, а базарды сыртка чыгаруу планына алардын жери туура келип калды.

Кеп болуп жаткан “Кудайберди” базары Оштун Манас-Ата кичирайонундагы (эски “ХБК” кичирайону) мурдагы “Текстиль” заводунун аймагында жайгашкан. Учурда 600-700 контейнерге ылайыкталып жаткан базардын дээрлик 70% бүткөрүлүп, иштеп баштады. Анын ээси жана директору Өскөнбай Жээнбаев болсо бул базарга калаа жетекчилеринин тиешеси жоктугун билдирди:

Өскөнбай Жээнбаев.
Өскөнбай Жээнбаев.

- Калинин жана Айтиев көчөсүндөгү базар чынында талапка жооп бербейт. Шарттары көп стандарттарга туура эмес экен. Ошондуктан мен 5-6 жылдан бери эле ошо базарга атаандаш бир базар ачууну максат кылып келгем. Бир топ жыл мурда ушул жерден 3,5 гектар жерди сатып алып, ыңгайлуу деп унаа тетик базар ачтым. Шарттардын баарын түзүп бердим. Мен Кадырбаев жана Өмүрзаков менен таанышмын, бирок бизнестик шериктештигибиз жок. Эгер кимдир бирөө ошентип айтса, анын баары жалган. Мен өзүм деле бизнесменмин. Бишкекте, башка жерлерде курулушта иштеп, көп кабаттуу үйлөрдү салгам. Өзүмдүн акчам бар жана ишкерчилигимди улантуу үчүн ушул базарды түптөдүм. Атын дагы мага кудай насип кылды деген мааниде “Кудайберди” деп койдум.

Канткен менен Калинин көчөсүндөгү “Унаа тетиктери базары” менен “Алгабас” базарларындагы соодагерлерге карата милициянын кысымы “Кудайберди” базарынын ишке кириши менен тушташ болуп калышы шаардыктар арасында түрдүү түкшүмөлдөрдү жаратууда.

“Унаа тетиктери базары” жана “Алгабас” базарлары 2000-жылдарга чейин түптөлгөн. Базардан сырткары Калинин көчөсүндө жүздөгөн жеке турак жайлар короосунда эле унаа оңдоочу жайларды ачып, ошо менен тиричилик кылып келишкен.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG