Кыргыз АССРинин 90 жылдыгы белгиленүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 1-февралда Кыргыз АССРинин түзүлгөн күнүнө 90 жыл болду. Бул күндүн алкагында кыргыз бийлигинин жана коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого салым кошкон даңазалуу мамлекеттик ишмерлердин Тарых музейинин чыгыш тарабындагы аянтта жайгашкан айкелдерине гүл коюшту. Мындан тышкары алар Чоң-Таш айылындагы “Ата Бейит” эскерүү комплексине зыярат жасашты.