Темир тор артындагы сүйүү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери түрмөдө жаткандарга жасалма нике күбөлүгүн жасаган 8 факт боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Ал ортодо абактагылар менен кокустан таанышып, аларды жактырып калган же кылтагына илинип, айласыздан тамак-аш ташып, ал тургай карызын кошо төлөөгө макул болгон кыз-клиндердин саны арбын экени айтылып жүрөт. Сизге кокустан чалган адам абакта экенин кантип билсе болот? Эмнеге кыз-келдиндер үй-бүлөсүн таштап, соттолгон адам менен бирге болууга макул болушат? “Аялзат” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналды.