Нарында кайгуул милициясы ишин баштады

Патрулдук кызматка 14 атайын автоунаалар чыкмай болду. Анын беши Бишкек шаарынан жаңы келген.

Кийинки айда кошумча дагы 11 автоунаа келиши күтүлүүдө.

Кызматкерлер күнү-түнү нөөмөткө турушат. Экипажда үч адам болот.

Бир кызматкердин төшүндө видео каттагыч болот. Ал айдоочунун эреже бузгандыгын жаздырып турат. Ошондой эле жол чырактарындагы, жол кыймылын жөнгө салат.

Патрулдук милициянын милдети - коомдук тартипти жөнгө салуу.

Сакчыларга жаңы форма жана видео каттагычтар берилет.

Патрулдук милиция Нарын шаарында күнү-түнү иштейт.

Ал эми облустун башка райондорунда милиция нөөмөт менен ишин жүргүзөт.