Бүбү Мариямдын "Манасынын" бүтпөгөн чыры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10-августта Нарын облустук соту Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” чыгармасын экстремисттик эмгек катары чечимди күчүндө калтырды. Буга чейин Жумгал райондук соту ушундай чечим кабыл алган эле. Бирок Бүбү Мариям Муса кызынын тарапташтары бул чечимге макул эместигин билдиришип, сот одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.