Ош: үлүш жерин алдырган аял

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Суу районунун тургуну Айсалкын Бөрүбаева 58 сотых үлүш жери анын макулдугусуз шылуундук менен сатылып кеткенин айтып чыкты. Бөрүбаеванын ырасташынча, ал айылдык кеңештин Хусанбай Мусаев аттуу депутатына жерди узак мөөнөткө ижарага берип турган. "Бирок Мусаев жасалма документтер аркылуу үлүштү башка бирөөлөргө соодалап жиберген", - дейт Бөрүбаева. Депутат өзү бул иштер мыйзамдуу болгонун билдирүүдө.