Ефрейтордун өлүмү: жаңы жагдайлар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто “ефрейторду сабап өлтүрдү” деп шектелип жаткан Бекболот Зайырбек уулунун жакындары аскер коргонуу үчүн ушундай жолго барганын айтып чыгышты. Алар ефрейтор Эламан Ташбалта уулу аскерлерди уруп-тепкилеп, сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп билдирүүдө. Маркумдун жакындары муну четке кагууда. Кантсе да бул окуя аскердеги көйгөйдүн бир өңүтүн гана ачып тургандай.