Барымтадагы азап

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажикстанда кыйноого кабылган кыргызстандык ишкер Акжол Калбаевдин ден соолугу калыбына келе баштады. Аны өнөктөштөрү коңшу өлкөгө алдап алып кирип, 10 күн барымтада алып жатышкан. Калбаевдин ата-энеси уулу үчүн 23 миң доллар кун төлөгөнгө да мажбур болгон. Бирок ал тажик коопсуздук органдарынын көмөгү менен бошотулган.