Достуктан жаралган китепкана

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кээ бир айылдарда китепкана эмес, мектептер урап колдон чыгып жатканда Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги Таш- Тумшук айылында жаңы китепкана ачылды. Ал кыргыз, тажик жаштарынын демилгеси менен курулду. Буга чейин окуу китептерин коерго жери жок мектептеги китепканага айылдын окуучулары 500 адабий китеп чогултуп беришти. Китепкана куруу менен достукту бекемдейбиз деген жаштар менен кабарчыбыз Жеңиш Айдаров баарлашып келди. Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги айыл мектеби китепканалуу болду. Эки элдин демилгелүү жаштары уюштурган бул саамалыктын максаты эмнеде?