Ташкент конференциясы Кабулдун «Талибанга» сунушун колдоду

Ташкенттеги эл аралык конференциясынын катышуучулары. 27-март 2018-жыл.

Өзбекстандын баш калаасында өткөн эл аралык конференциянын катышуучулары ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын бетме-бет сүйлөшүүсүн колдорун жарыялашты.

27-мартта Ташкентте кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө ага кол койгондор «ооган өкмөтүнүн «Талибан» кыймылы менен алдын-ала шарт койбостон сүйлөшүү тууралуу сунушун чечкиндүү колдошоору» айтылат.

Конференциянын катышуучулары талибдерди Кабулдун тынчтык жараянын баштоо сунушун кабыл алууга үндөштү.

Ташкенттеги иш-чарага 20дан ашуун өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Алардын арасында ​Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини, АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Томас Шеннон, Орусиянын, Кытайдын, Түркиянын, Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери болду.