Кыргызстандагы абанын булганышынын себептери талкууланат

Бишкектин шаар четинен көрүнүшү.

Бишкекте “Голден тюлип” мейманканасында бүгүн боло турган талкууну “Ачык асман” коомдук уюму өткөрмөкчү.

Иш-чара “Абанын булганышы: Кыргызстан эмне кылышы керек?” деп аталат. Анда АКШдан келген эколог, профессор Майкл Броди абанын булганышы тууралуу презентация өткөрүп, бул мүшкүл менен күрөшүүдө башка мамлекеттердин тажрыйбасы тууралуу айтып берет.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, экологдор чакырылган.

Абанын булганышына байланышкан көйгөй Бишкек шаарында курч. Жергиликтүү экологдор буга чейин баш калаада абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектин атмосферасындагы ден соолукка зыяндуу заттардын 90% автоунаалардан чыгат.

Таза эмес аба Бишкекте өпкө оорулуулардын көбөйүшүн шарттап жатканын дарыгерлер да маалымдашкан. (NT)