Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Өпкө оорулары боюнча Бишкек шаары алдыга чыкты


Бишкектин шаар четинен көрүнүшү.
Бишкектин шаар четинен көрүнүшү.

Бишкек шаарында абанын кирдешинен улам өпкө оорулуулар жыл санап көбөйүп баратат. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, соңку кезде атмосферанын булганышы өпкө, жүрөк, рак илдеттерин пайда кылышы ыктымал:

- Дүйнөдө 7 миллионго жакын адам абанын бузулганынан ооруп, өлүмгө учураган деген далилденген маалымат бар. Демек, абанын булганганы ооруга алып келет, адамдын өмүрүн кыскартып, өлүмгө да кептейт. Мисалы, рак илдети, өнөкөт оор өпкө, жүрөк оорулары пайда болот. Андан тышкары кош бойлуу аялдар булганган абадан дем алса, түйүлдүккө зыян. Төрөлгөндөн кийин деле ар кандай тубаса оорулар пайда болот деген далилдер дүйнө жүзүндө абдан көп. Өпкө ооруларына чалдыккандар Кыргызстан боюнча Бишкекте өтө көп. Өлүмгө алып келген дарттардын саны боюнча да биз дүйнө жүзүндө биринчи катарларда турабыз.

Буга чейин БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы атмосферага бөлүнгөн зыяндуу калдыктар көбүнесе Бишкекке туура келерин, булганган аба элдин дем алуу органдарын жабыркатып жатканын жарыялаган.

Жергиликтүү экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе ашып кеткенин билдирип чыгышкан. Борбордун асманын кара-көк түтүн каптап турганы тартылган сүрөттөр Интернетте тараган. Абанын булганышына байланыштуу Жогорку Кеңеште да бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Маселе өкмөттө каралып, абаны тазалоо жаатындагы чараларды иштеп чыга турган жумушчу топ түзүлө турган болгон.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектин атмосферасындагы ден соолукка зыяндуу заттардын 90% автоунаалардан чыгат. (NT)

XS
SM
MD
LG