“Журналисттик иликтөөлөр фонду” чакан грант үчүн кезектеги сынак жарыялады. "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосунда ишке ашып жаткан "Кыргызстанда журналисттик иликтөөнү өнүктүрүү" долбоорунун алкагындагы бул сынакта "шаарларды өнүктүрүү", "тоо-кен байлыктары", "инфраструктуралык долбоорлордогу коррупция" багытында иликтөө жүргүзгүсү келгендерге артыкчылык берилет.
Арыз бергендердин арасынан комиссиянын тандоосунан өткөндөргө грант берилет. Сынакка журналисттер, медиа уюмдар, фрилансерлер, жарандык активисттер, блогерлер, студенттер жана башка кызыккан кишилер катыша алат.
Арызда көрсөтүлгөн чыгымдар 140 миң сомдон ашпашы керек.
Каалоочулар 15-февраль, саат 15:00гө чейин grant@jif.kg арыз жиберет. Катышуучулар үчүн тийиштүү эрежелер jif.kg сайтында.
Суроолор болсо +996 700 777 856 номуру аркылуу Гүлмира Эсенгелдиевага кайрылыңыз.
"Азаттыктын" иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин түзүлгөн “Журналисттик иликтөөлөр фонду” 31-августтан тартып иштей баштаган. Буга чейин да чакан гранттар үчүн сынак жарыялап, төрт адам жеңген.
Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылуучу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын” негиздейт. Фонд жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Алгачкылардан болуп анын эсебине Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон. Фонддун байкоочу кеңешинде 11 адам бар.
Уланбек Эгизбаев 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. (SE)