Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Уланбек Эгизбаевге арналган фонддун сынагын төрт долбоор жеңди


Журналисттик иликтөөлөр фондунун эн белгиси.
Журналисттик иликтөөлөр фондунун эн белгиси.

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” чакан грант үчүн жарыялаган сынакта төрт долбоор жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу фонддун төрагасы Айбек Турдалиев билдирди.

Анын айтымында, фонддун Байкоочу кеңеши 32 долбоордун ичинен актуалдууларын тандап алды. Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнү жана темасы алардын иликтөөлөрүнө кедерги тийбеши үчүн айтылбайт.

Сынак 5-ноябрда жарыяланган. Гранттын өлчөмү 70 000 сом. Максат – Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, иликтөө жүргүзгөндөргө каржылык, адистик жардам көрсөтүү.

"Азаттыктын" иликтөөчү кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин түзүлгөн “Журналисттик иликтөөлөр фонду” 31-августтан тарта иштей баштаган. Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылуучу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын” негиздейт. Фонд жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которгон. Фонддун байкоочу кеңешинде 11 адам бар.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG