Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Уланбек Эгизбаевдин унутулгус мурасы


Уланбек Эгизбаев "Алтын калем" сыйлыгын алган ирмем. 22-июнь, 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаев "Алтын калем" сыйлыгын алган ирмем. 22-июнь, 2018-жыл.

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү. Бул уюм эми маркумдун жолун жолдогон журналисттерди колдоого алып, иликтөө жанрын өнүктүрүүгө түрткү бермекчи. Кыргыз медиа айдыңында иликтөө эми телчигип бараткан тармак. Бирок ага карабай толтура темалар казылбай, көмүскөдө калып жатат дегендер арбын.

“Уландын иликтөө фабрикасы”

“Азаттыктын” чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаев каза болгондон кийин анын ысымын, ишин түбөлүккө калтырууну каалап, кабарчынын атынан фонд, уюм же бирикме ачууну демилге кылгандар көп болду.

Изги тилек жүзөгө ашып, маркумдун кыркылыгына тушташ Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтүп, өз ишин баштады.

Коомдук фонд биринчи кезекте Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдогону турат. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд резонанс жараткан журналисттик иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды уюштурат. Бул арийне, Уландын тирүү кездеги мүдөөсү болчу.

Фонддун төрагалыгына тандалган медиа менежер Айбек Турдалиев “бул уюм иликтөөчү кабарчылардын мектеби болот” деп убада берди:

Айбек Турдалиев
Айбек Турдалиев

- Бизде журналисттер объективдүү жана субъективдүү себептерден улам журналисттик иликтөө жүргүзүүдөн аксап келет. Биздин уюм эми ошолорго дем, күч-кубат берип, көмөкчү болобуз. Эң негизгиси мыкты долбоорлорго гранттык негизде каражат беребиз. Мамлекеттик же менчик түрүнө карабай коррупция менен күрөшөм деген журналист, блогер, активисттердин баарына бирдей колдоо кылабыз. Медианын форматына, кайсы аймакта жайгашканына да карабайбыз. Бирок иликтөөнүн видео форматына басым жасайбыз, анткени анын таасири, жемиши көп болот. Долбоорлорду жөн эле каржылоо менен чектелбей, журналисттерди окутуу жаатында иш алып барабыз. Биз бул аракетибиз менен ондогон, жүздөгөн Уландарды, ага окшогон күчтүү журналисттерди таптап чыгарышыбыз керек. Биз бул жаатта “фабрика” болушубуз абзел, буюрса биздин уюм “Уландын иликтөө фабрикасы” болуп калат.

Аталган фонд муну менен катар иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын" негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

Коомдук фонддун ишмердигинин ачык-айкындыгын камсыз кылыш үчүн 11 кишиден турган Байкоочу кеңеш түзүлдү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, “Азаттык” радиосунун башкы редактору Бурулкан Сарыгулова, журналисттер: Нарын Айып, Султан Каназаров, Олжобай Шакир, Азамат Тынаев, Элдияр Арыкбаев, Коомдук талдоо институтунун директору Рита Карасартова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, “Полис Азия” аналитикалык борборунун директору Элмира Ногойбаева жана “Сереп” аналитикалык борборунун директору Искендер Ормон уулу мүчө болушту.

Кеңештин мүчөсү, “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев "Эгизбаев фонду" өлкөдөгү журналисттик иликтөөлөргө импульс болушу керек деп эсептейт:

- Кыргызстандагы иликтөөчү журналистиканын абалын беш упайлык система менен бааласак, үчтөн төмөн деген баа берет элем. Анткени Кыргызстанда болгон бардык маалымат каражаттарынын беш-алтоо гана жарытылуу иликтөө жасайт. Аларда да бирден-экиден гана киши бул жанр менен алектенет. Жакшы иликтөөлөр албетте бар, таптакыр жок деп айта албайбыз, бирок абдан аз болуп жатпайбы. Буга медиа мекемелерде адистердин, каражаттын жетишпегендиги, иликтөө менен иштегенди билбегендик жана башка нерселер себеп болот. Ошол себептүү мен бул фондду баштапкы түрткү берүүчү орган катары көрүп атам. Муну жалпы коомчулук, анын ичинде бийлик да колдоого алышы керек.

Каржылоо системасы

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” активдүү жарандар өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которду.

Мекеме терс көрүнүштөрдү журналисттик иликтөө аркылуу ашкере кылууну каалаган башка, бардык жарандарды жана уюмдарды кызматташууга чакырып, банктык эсептерин жарыялады.

Алар: “Demir Kyrgyz International Bank" (Bishkek, Kyrgyzstan) кыргыз сому: 1180000113646218, АКШ доллары: 1180000113646319, орус рубли: 1180000113646521, евро: 1180000113646420. Каалоочулар egizbaevfoundation@gmail.com электрондук дареги менен байланышса болот.

Бирок медиа-эксперттер фондго каражат топтоодо кандайдыр бир механизм болушу зарылдыгын, айрыкча коррупцияга аралашкан, күмөндүү тараптардан акча алууга жол берилбеши керектигин эскертишүүдө. Ансыз кызыкчылыктар кагылышы болот деген чочулоо жок эмес.

Сabar.asia басылмасынын редактору Тимур Токтоналиев фонд жемкорлукка шектүү адамдардын акчасын албагыдай механизм иштеп чыгышы зарыл деген пикирде:

- Ыктыярдуу салым түшүнүгү эл аралык практикада деле кеңири колдонулат. Бирок муну менен иштеген юридикалык структура өзүнүн ички саясатын, кескин чараларын иштеп чыгышы керек. Башкача айтканда, каражат топтоодо кандайдыр бир механизм болушу керек. Маселен ыктыярдуу берилген каражаттарды алабыз, бирок акча берген киши редакциялык саясатка кийлигишпеши керек дегендей. Же маселен, буга чейин соттолгон, мамлекеттин казынасына кол салган, мыйзамдык негизде "жемкор" деп табылган адамдар “кара тизмеге” киргизилип, андан каражат албайбыз дегендей эреже болушу зарыл. Фонд биз коррупция менен күрөшөбүз деп жатып, бир коррупционерден акча албагыдай болсо деген тилек. Кээ бир популист саясатчылар мен фондго акча бердим деп өз максатына пайдаланбагыдай болушу кажет.

Иликтөөлөрдөн күтүлгөн талап

Адистер белгилегендей, Кыргызстанда эгемендик алган алгачкы жылдары журналисттик иликтөөлөр дээрлик болгон эмес. 2000-жылдардан кийин бирин-серин басылмалар айрым ири темаларга тиш салып, бул жанр жандана баштаган. Журналисттик иликтөөнүн түпкү форматына туура келбесе да, ага жакыныраак үлгүдөгү көп теле-радио берүүлөр, тексттик материалдар даярдалды.

Соңку убактарда “Азаттык”, Би-Би-Си баштаган эл аралык жана жергиликтүү радиолор, КТРК, ЭлТР, НТС сыяктуу телеканалдар, гезиттер жана Интернет сайттар бул жаатта кыйла ийгилик жаратты. Кээде мамлекеттик, айрым учурларда эл аралык деңгээлде да резонанс жараткан иликтөөлөр болду. Буга өкмөттүк эмес Kloop.kg сайтынын бир катар иликтөөлөрү мисал.

Ага карабай өлкөдө бул медиа-багытты сүрөө үчүн 2015-жылы Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Бишкектеги өкүлчүлүгү “Кыргызстанда журналисттик иликтөө жанрын өнүктүрүү” долбоорун ишке салган. Анда чет элдик иликтөөчүлөр жергиликтүүлөрдү үзгүлтүксүз окутуп турду.

Натыйжада үч жылда атайын жарыяланган сынактарга 300дөн ашуун ар кандай формадагы журналисттик иликтөөлөр келди, анын элүү иш долбоордун алкагында жасалды. 70ке жакын кыргызстандык журналисттер эл аралык стандарттарга окутулду.

- Үч жыл ичинде журналисттерге өтүлгөн тренингдердин жана алардын иликтөөлөрүнө таянып, эксперттер менен кээ бир жыйынтыктарга келгенбиз. Биздеги журналисттер иликтөөлөрдө божомол, гипотеза катары билет, бирок ошону далилдөөгө келгенде кыйналышат. Көбүнчө иликтөөнү пикирлер, комментарийлер менен эле берип салышат. Муну мамлекеттик органдардан документтерди алуунун татаалдыгы менен түшүндүрсө болот. Анткени кээ бир органдар иликтөөчү журналисттерди "душман, чет өлкөлүк агент" катары көрүп, орой мамиле жасайт. Дагы бир маселе, бизде электрондук маалыматтар базасы өнүккөн эмес, бул да журналисттик иликтөөнүн өнүгүшүнө жолтоо болот. Бирок канткен күндө кыйынчылыктарга карабай жылыш бар, - дейт долбоордун координатору Тимур Токтоналиев.

Токтоналиев ошондой эле журналисттик иликтөөлөр долбоору дагы деле уланып жатканын, эми кабарчылардын демилгелерин колдоо Орто Азия мамлекеттерине бирдей жарыяланганын кошумчалады. Ал бул үчүн Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн келген журналисттер Бишкекте окутулганын айтты.

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

Ошол эле учурда Кыргызстандын өзүндөгү медиада толтура темалар чагылдырылбай, көмүскөдө калып жатканын айткандар да бар.

Жарандык активист, саясатчы Мавлян Аскарбеков иликтөөчү журналисттер мамлекеттик мекемелердеги мыйзамга жат, терс көрүнүштөрдүн бетин ачышы керектигин айтты:

- Ошол эле коррупция бардык иликтөөчү журналисттердин негизги темасы бойдон калышы керек. Мамлекеттик органдардагы тааныш-билиштик, пара менен кызматка орношууну жакшылап чагылдырган журналист жок болуп жатат. Бажы кызматында кантип кызматка коюп, салык кызматында акчаны кантип өөнөп жатышат, Тышкы иштер министрлигине кимдин балдары, неберелери, туугандары ишке кирип алды, мына ушул темаларды изилдеп чыгышы керек. Шайлоодогу сатып алуулар, мыйзамдарды атайын “буйрутма” менен жазып жаткан депутаттар жана башка саясаттагы толгон-токой иштер ачылбай калууда. Кумтөр жана башка кендердеги мыйзам бузууларды кенен казып, элге чайнап жеткирүү зарыл.

Мамлекеттик органдардагы тааныш-билиштик, пара менен кызматка орношууну жакшылап чагылдырган журналист жок болуп жатат.
Мавлян Аскарбеков

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, ИИМ Эгизбаевдин сууга чөгүп жан бергенин жарыялаган.

17-августта Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлиги бул иштин алкагында эки ай тергөө жүргүзүлөрүн маалымдаган.

Журналист тирүү кезинде “Бажыдагы уурулук”, “Темир жолдогу жемкорлук”, “Көрүстөндөгү коррупция”, “Музейге сарпталган миллиондор”, “Мансаптуулардын жер бизнеси”, “Саясатташкан мумия” ж.б. ондогон иликтөөлөрдү жасаган. Айрымдар Уланбек Эгизбаев бул программалары менен кыргыз тилдүү маалымат айдыңында журналисттик иликтөөнү жаңы деңгээлге көтөрүп кеткенин белгилеп жүрүшөт.

Маркум кабарчынын ысымынан аталган Журналисттик иликтөөлөр фондунун расмий бет ачары 2018-жылдын сентябрь айында өтөт.

Уланбек Эгизбаев. Өксүткөн жоготуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:19 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG