Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Эми жемкор - коррупционерлер тынч уктайт...


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Жараткан бар болсоң, эмнеге ушул баланын өмүрүн  кыргыздын бактысы үчүн сактап калбадың?! Уланбектин учуп кеткенин угуп, мээме биринчи келген ой ушул болду.

Уланбек “Азаттыкта” даярдаган алгачкы берүүлөрүн уккандан кийин “Бет алганынан кайтпаган өжөр жигит экен. Болочокто CNN телеканалынын бизнес-корреспонденти Ричард Квест сыяктуу теманы сөөктөй мүлжүп, мазмунун ар бир адам дапдаана түшүнгөндөй кылып ачып берген эл аралык деңгээлдеги импровизатор-журналист болот” деп түкшүмөлдөп койгом. Бул оюмду Уланбекке телефондон баарлашканда айтсам, “ээ, байке” деп каткырып койгон.

Уланбектин эл аралык деңгээлде иштеши үчүн “Азаттык” радиосу сонун платформа болду. Анын насилинде катылган журналисттик, изилдөөчүлүк дараметинин ачылышына чоң мүмкүнчүлүк берди. Өлкө ичиндеги беделдүү деген башка маалымат каражаттары Уланбектин бийлик чөйрөсүндөгү былыктарды “ашказанды богу-жини менен ачып көрсөтүүсүнө” макул дейт беле?! Даап барган учурда да алардын үнү жамы журтка жетет беле?!

Уланбек даярдаган видеоберүүлөрдөн казынанын “канын” сүлүктөй соргон коррупционер-жемкорлор менен сүйлөшкөндө, үнү болк этпей, суроолорду казык каккандай бергенин баарыбыз көргөнбүз. Бул анын өз чөнтөгүн акчага толтурууда напсисин араандай ачкан кызмат адамдары Кыргызстандын бүгүнкү абалы үчүн жооптуу экенин терең түшүнүп, алардын “сук дүйнөсүн” тайманбай ачууга бекем бел байлаганынан болсо керек... А телефондон баарлашканда үнү камкор жана мээрман сезилер эле. Минтип жазган себебим мурда - кийин Улан менен жүзмө-жүз олтуруп дидарлашкан эмеспиз. Бирок телефондон маал-маал пикир алмашып турчубуз. Ал былтыр Прагага “Азаттык” радиосунун баш кеңсесине келген кезде мен Балтимордо болчумун. Кийин Бишкектен: “Келген турбайсызбы? Өткөндө сиз жок экенсиз, жүздөшүп сүйлөшө албай калбадыкпы, байке? Бишкекке качан келесиз?” деген телефон чалганы жадымда.

Өткөн айдагы “Көрүстөндөгү коррупция” берүүсүнөн кийин Уланбекке телефон чалып: "Кабылан, этият болуп жүр" десем: "Макул, байке" деп күлүп койгон.

Иликтөө: Көрүстөндөгү коррупция
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:21 0:00

Ал эми “Саясатташкан мумия” даярдалып жатканда эки мертебе сүйлөшкөнүбүздө Баткенге кайын журтуна барып келгенин, дубанда келерки жолу көңүл бурчу кандай жерлер бар экени тууралуу сураган эле. Сөздөн сөз чыгып отуруп, медреселер маселесине жакын арадагы бир берүүсүн "сөзсүз арнайм" деген болчу. Мунун баары Уланбектин коомдогу көйгөйлүү маселелерден кыйгап өтө албаган мүнөзүн, элибиздин өсүшүн артка тарткан проблемаларды чечкенге өз салымымды кошоюн деген мекенчил табиятын көрсөтүп турат.

Уланбектей чоң жана таланттуу журналист өлкөбүздө коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштө чоң күч болмок. Улан даярдаган берүүлөр эл арасында казынакор-коррупционерлерди тамырын кыркуу мүмкүн, ушинтип коомубузду, өлкөбүздү жаңылайбыз деген ишенимди жаратканын “Азаттыктын” окурмандары менен "фейсбукчулар" жазган пикирлер тастыктайт.

Саясатташкан мумия
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:46 0:00

Бирок да өмүрүң жылт эткен жылдыздай кыска экен, Уланбек... Журтташтарыңдын көбүн чыркыратып, түбөлүк сапарга кете бердиң...

Эми өлкөнү чөөдөй талап-тоногон жемкорлор төшөктө аркы-терки ойдолоктобой, тынч укташат экен...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG