Нуржигит Кадырбеков: 8-марттагы акция сенсация жаратуу максатын көздөгөн (видео)

Нуржигит Кадырбеков.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков 8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо акциясына чыккандар коомчулукта сенсация жаратуу максатын көздөгөн деп эсептейт. Мындай пикирин ал 11-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Кадырбеков белгилегендей, алар кыз-келиндердин укугун коргоонун «башкача жолун тандаса болмок».

«Балким, алардын максаты ажиотаж, сенсация кылуу болду окшойт, - деди ал. - Мамлекет чара көрөрүн, ошондон кийин уу-дуу сөз болорун билишкен. Кайсы бир деңгээлде максатына жеттиби деп ойлоп жатам. Аялзатынын укугун көчөгө чыгып, кыйкырып кантип коргойбуз? Ошонун логикасын түшүнө алган жокмун. Өздөрү чыктыбы? Кимдер турат? Адеп деген бар. Кыргыздын «Эркек уулду, аял улутту тарбиялайт» деген макалы бар. Аларды көргөндө мага жагымдуу таасир калбады. Башкача жол менен аялзатынын укугун… Биз деле коргойлу, биз деле ошол үчүнбүз. Улуттун салты, менталитети, баалуулуктары бар. Башкачараак жолду тандаса жакшыраак болмок деп эсептейм».

8-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок калпак жана бет кап кийген эркектер тобу келип, уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. 

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберди. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүрүп салды.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш катталган. Анын184и оор, 36сы өзгөчө оор. Маалыматта балдарга жасалган кылмыш иштеринин ичинен жыныстык зомбулук көбөйүп баратканы жазылган. (RK)