Орусиядан келген дарыгерлер ишин жыйынтыктап кетишти

Орусиялык дарыгерлер мекенине кетишти. 17-август, 2020-жыл.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга жардамга келген орусиялык дарыгерлер ишин жыйынтыктап 17-августта мекенине кетишти. Алар Кыргызстанда 25 күндүн ичинде өлкөдө 30дан ашуун медициналык мекемеде иштешти.

Саламаттык сактоо министрлиги бул убакыт аралыгында алар 4000ден ашык бейтапты карап, 564 адамды оорудан айыктырышканын кабарлады. Өпкөнү иштетүүчү аппаратка 20 бейтапты жаткырып, 17 кишини андан чыгарышты. Дагы беш адам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан чыкты.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов: «Министрлик иштеп чыккан дарылоо протоколдору, алгоритмдер жана башка расмий документтер туура кабыл алынып, туура ишке ашырылып жатканын орусиялык кесиптештер тастыкташты», - деди.

23-июлда Башкыртстандан 50 дарыгер коронавируска каршы күрөшүүгө кол кабыш кылыш үчүн Кыргызстанга жардамга келген. Анын алдында, 22-июлда Орусиядан 20 аскердик дарыгер Кантка түшкөн. Президент Сооронбай Жээнбеков алар менен 24-июлда да кездешкен эле.

17-августка карата Кыргызстанда дагы беш медициналык кызматкерге коронавирус жукканы белгилүү болду. Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган дарыгерлердин жалпы саны 3035ге жетти, алардын ичинен 2 342 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 70тен ашты.

Пандемияда өлкөдө медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалды. Ушундан улам оору эң көп катталган июль айында ыктыярчылар бейтаптарды өз алдынча карап жатышты. (BTo)