Ысык-Көл жана Нарын облустарынын электр энергиясы үчүн карызы көбөйүп кетти. Буга байланыштуу 24-августтан тартып карызы барлардын жарыгын өчүрүү пландалып жатат. Бул тууралуу «Чыгыш электр» ишканасынын басма сөз кызматы 20-августта билдирди.
Андан алынган маалыматка караганда, бүгүнкү күндө абоненттердин карызы 99,4 миллион сомго жетти. Анын 52,6 миллиону Ысык-Көл, 46,7 миллион сому Нарын облусунун тургундарына тиешелүү.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу март айынан тартып өкмөт электр энергиясына карызы барлардын төлөмүн кабыл алууну үч айга токтоткон.
«Чыгыш электр» карыздар убагында төлөнбөсө, күз-кыш мезгилдерине толук даярдык көрүлбөй каларын эскертип жатат. Мекеме абоненттерди райондук электр станциясы, почта, терминалдар жана электрондук капчык аркылуу карызын убагында төлөөгө чакырды. (NT)
Дагы караңыз
Кыргыз экономикасын эң оор жыл күтүп туратТаласта эне-бала иске ууландыМайнинг-фермалар кайрадан чабуулга кабылды