Төрт жылда автоунаа номерлерин сатуудан эки млн. сомдон ашуун каражат түштү

Сатылган мамлекеттик номурлар.

Акыркы төрт жыл ичинде автоунаага энчилүү мамлекеттик номерлерди сатуудан казынага эки млн. 400 миң сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Сатылган мамлекеттик номерлердин тизмесин бул жактан окуңуз.

Энчилүү же башкача айтканда кооз номерлер аукциондо эмес, 100 миң сомдон түз сатылат. Автоунаанын мамлекеттик номерлерин сатуу 2016-жылдан тартып ишке кирген. Ага чейин машинелердин номерлерин жеке менчик ишкана сатып келген.

Дагы караңыз

Акыркы үч айдын ичинде Бишкекте жол кырсыктары 1,5% азайдыМашинелерди каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосу жеңилдетилди

2016-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстандагы автоунааларга жаңы үлгүдөгү номерлер бериле баштаган. Жаңы үлгүдөгү номер үч тамга, үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09га чейинки сан менен көрсөтүлөт. (TSh)