Жогорку сот БШКнын «Кыргызстан» партиясына каршы арызын канааттандырган жок

Жогорку сот 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап, күчүндө калтырды. Чечим дароо күчүнө кирет, үстүнөн арызданууга болбойт.

БШК 24-августта парламенттик шайлоого аттанган партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

Дагы караңыз

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгардыЖогорку сот БШК менен «Кыргызстан» партиясынын ишин карап жататЖогорку соттун алдында таза шайлоону талап кылган акция өтүп жатат

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган.

Отурум маалында Жогорку соттун алдында «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган жарандык активисттер менен шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү нааразылык акциясын өткөрүштү.

Ошол эле жерде «Кыргызстан» партиясынын да бир нече тарапташтары акцияга чыгып, «таза шайлоо» деп кыйкырып турушту. (SE\TSh)