Софияда өкмөткө каршы митинг кагылышуу менен коштолду

Софиядагы митингчилер менен полициянын кагылышуусу, 2-сентябрь 2020-жыл.

Болгариянын баш калаасы Софияда премьер-министр менен башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар менен полиция кагылыша кетти.

Бүгүн, 2-сентябрда миңдеген адамдар Софиянын мамлекеттик башкы имараттары жайгашкан Эгемендик аянтына топтолуп, өкмөттүн жаңы Конституция боюнча планына каршылык билдиришти. Демонстранттар Болгариянын өкмөтүн жана сотторун олигархтар көзөмөлдөп калганын айтып жатышат.

Демонстранттар полициянын тосмосунан өтүүгө, алардын автобустарын оодарып салууга аракет кылышты. Софиянын полициясынын жетекчиси Георгий Хажиев демонстранттар күч кызматкерлерине жумуртка, помидор жана таш ыргытканын, мындан улам митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ колдонулганын айтты.

Дагы караңыз

Болгарияда өкмөткө каршы акциялар уландыБолгарияда иликтөөчү журналистти сабап кетиштиБолгария Түркия менен чек арасында көзөмөлдү күчөтүүдөБолгария эки орус дипломатын өлкөдөн чыгарууну караштыруудаБолгария тыңчы деген орус дипломатын өлкөдөн чыгып кетүүгө буйруду

Болгариянын мамлекеттик жаңылыкттар агенттиги 30дай киши кармалганын билдирди. Демонстранттардын да, полиция кызматкерлеринин да арасында ооруканага түшкөндөр бар экени кабарланды.

Демонстранттар премьер-министр Бойко Борисовдун, анын өкмөтүнүн жана башкы прокурор Иван Гешевдин кызматтан кетишин, парламенттин таратылышын талап кылууда. 2-сентябрдагы митинг парламент эс алуудан кийин жаңы сессияга чогулган учурга туш келди.