Добуш берүү күнү өкмөт үйүндө ишеним телефону иштейт

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоо күнү өкмөт үйүндө телефон борбору тынымсыз иштейт.

Расмий маалыматка ылайык, call-борборго шайлоочулар шайлоо эрежелеринин жана санитардык нормалардын бузулушуна байланыштуу маселелерде телефон чалып, кабарлашса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11. Факс: (0312) 66 61 97.

«Кыргызтелекомдун» Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан чалуу акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык акы алынат.

16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. (SE)

Дагы караңыз

«Сорос Кыргызстан» фондун каралоо башталды4-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалыматДагы 128 адамдан коронавирус табылды, бир бейтап каза болдуАлиев Тоолуу Карабак боюнча Баку сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди