Бишкек-Ош жолуна кышкы дөңгөлөксүз чыкпоо эскертилди

Чүй облустук милициясы жөнөткөн сүрөт. 3-октябрь, 2020-жыл.

Транспорт жана жолдор министрлиги Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларына калың кар жааганын билдирип, Бишкек-Ош жолуна чыккан айдоочулардын автоунааларында сөзүз кышкы дөңгөлөк болушу керектигин эскертти.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп жатат. Адистер жолду тазалоо иштерин улантууда.

Андан мурдараак Чүй облустук милициясы айдоочуларга кайрылып, Суусамыр өрөөнүнө кар түшкөнүн кабарлаган жана кышкы дөңгөлөгү жок автоунаалар менен жолго чыкпоону эскерткен.

Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы машинелер ортосунда аралыкты сактап, ылдамдыкты ашырбоого чакырды. (SE)

Дагы караңыз

«Open Democracy» Алканованын айыбын ачтыМатраимовдордун мүлкү"Карантиндеги демократия": Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкө деп табылды«Сорос Кыргызстан» фондун каралоо башталдыБеларус бардык чет элдик маалымат каражаттарынын аккредитациясын жокко чыгарды