Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

«Open Democracy» Алканованын айыбын ачты


Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

2-октябрда Лондондогу «Open Democracy» басылмасы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан парламенттик шайлоого аттанган талапкер, журналист Элнура Алканова тууралуу кеңири макала жарыялады.

Үзүлгөн мамиле

Басылма Элнура Алканова «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында шайлоого баратканы белгилүү болгон соң аны менен кызматташууну үзгөнүн ачыкка чыгарып, журналист Интернетте троллдорду даярдоого, башка ЖМКларды каралоого тиешеси бар экенин далилдеген бир нече жагдайларды баяндайт.

«Open Democracy» дүйнөлүк басылмасына чыккан Элнура Алканова тууралуу кеңири макаланын скриншоту. (котормосу: "Кыргызстандын бажы чырындагы мурдагы журналисттин орду тууралуу суроолор")
«Open Democracy» дүйнөлүк басылмасына чыккан Элнура Алканова тууралуу кеңири макаланын скриншоту. (котормосу: "Кыргызстандын бажы чырындагы мурдагы журналисттин орду тууралуу суроолор")

Элнура Алканова штаттан тышкаркы кабарчы катары
2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын мартына чейин «Оpen Democracy» (oDR) басылмасына алты макала жарыялаган. Анда ал Кыргызстандагы социалдык медианы тартипке салуу, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция фактылары тууралуу жана веб-камда иштеген кыздар сыяктуу темаларга сереп салган.

2019-жылдын октябрь айында oDR Алканованы Катар мамлекети берген 250 миң доллар байгеси бар эл аралык коррупцияга каршы күрөш сынагына көрсөткөн жана ал 2019-жылдын декабрь айында Уганданын «Айкындуулук» уюму менен бирге жеңип алган.

Ушул жылдын май-июнь айларында Алканова «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен депутаттыкка талапкер катары саясатка кадам таштап жатканы белгилүү болгондон кийин oDR командасы аны менен кесиптик мамилени үзүүнү чечип, журналисттик аккредитациясын кайтарып берүүнү өтүнгөн.

Басылманын баяндамасында буга байланыштуу кооптонуу андан мурун эле, Алканова «Азаттыктын» иликтөөсүнө каршы иликтөө жүргүзгөндө эле башталганы жазылат.

Саймаити менен ишке ашпай калган интервью

Лондондо жайгашкан уюм Кыргызстандан чыгып кеткен журналист Улукбек Бабакулов менен байланышкан. Ал Элнура Алканова менен 2019-жылдын октябрь-ноябрь айларында байланышта болгонун, алар Айеркен Саймаитиден интервью алуу аракетин көрүшкөнүн, кийинчирээк «Фейсбукта» Матраимовду колдоо өнөктүгүн уюштуруу маселелерин талкуулашканын айткан.

Бабакулов Алканова ага байланышып, «Азаттыктын» иликтөөсүнүн негизги фигурасы болгон маркум Айеркен Саймаити менен Түркиядан интервью алууну сунуш кылганын, бирок ал аракет ошол бойдон ишке ашпай калганын айтат.

«Ал менден иликтөөнү окуп чыгууну суранды, андан кийин бир сунуш бар деди: «Сиз Стамбулга барып, Айеркен Саймаити менен жолуга аласызбы?» Ал мага [Райымбек] Матраимовдун бул иштерге тиешеси жок экендиги жөнүндө маек курмак», - дегенин эстейт бозгундагы журналист.

Айеркен Саймаити Түркияда 10-ноябрда атып өлтүрүлгөн.

Соцмедиадагы «троллдор» стратегиясы

Улукбек Бабакулов Элнура Алканова менен Матраимовдорду колдоо, алар тууралуу коомдук пикирди өзгөртүү, коомдук талкууларды башка нукка буруу аракеттери кандайча болгонун да баяндайт.

2019-жылы ноябрда "Азаттыктын", “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” деген иликтөөсү чыккандан кийин Алканова “Фейсбукта” Матраимовду колдогон активдүүлүгүн күчөткөн.

Социалдык тармактарда Матраимовго жек көрүү күчөгөндө Бабакулов жалган аккаунт менен макалаларды жана комментарийлерди жазууга милдеттүү болгон.

«Ал Матраимовго иштей турган троллдор командасын топтоп жатканын айтты» , – деген Бабакулов андай группада кеминде беш киши болгонун ырастады.

«21-ноябрда жарыяланган журналисттик иликтөөдөн кийин Матраимовдорго байланыштуу иликтөө жүргүзүүнү талап кылган нааразылыктарды колдогон маалымат каражаттарына, укук коргоочуларга жана журналисттерге жооп иретинде социалдык медиада негативдүү атмосфера түзүүнү суранды», – дейт Бабакулов.

«"Сиз бирөөнү мазактаган макалаларды жазганды билесиз”, - деген Алканова “шакаба нерселерди да жаза аласыз”, - деди, ошентип мен псевдоним менен жазмакчы болдум», – дейт Бабакулов.

Ал маалдагы алардын каттары жана аудио мессенжерлери Алканованын социалдык медианы координациялоого катуу киришкенин айгинелейт.

Жемкорлукка каршы чыккан жарандык коом
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00

25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында коррупцияга каршы «#REакция» аттуу акция өткөн. Акцияга чыккандар бажы тармагындагы коррупцияны жоюп, реалдуу реформаны талап кылып, бийликке кайрылышкан.

«"FactCheck "1,250 киши чыкты" десе, башкалар Kaktus, 24.kg "3-4 миң чыкты" деп жатышат. Ошолордон скриншот жасап, сандарды белгилеп көрсөтүп, тролл кыла аласызбы!», – деген тапшырманы Алканова 25-ноябрда коррупцияга каршы нааразылык акциясы өткөн күнү аудио билдирүү түрүндө жиберген.

Анда “Бул медиа мекемелерди шылдыңдап, кантип сандарды көбөйтүп жатат деп айтышыбыз керек”, – деген көрсөтмө болгон.

Мындай мазмундагы постту oDR уюму "Фейсбуктагы" “Kompromat KG” тобунун баракчасына кирип, Бабакулов иштеткен делген аккаунттан таап чыккан.

Ошондой эле “El - Taraza” деген баракчадан да табылган. Аны да социалдык медианы көзөмөлдөгөн топ иштеткендей таасир калтырат.

Улукбек Бабакулов көзөмөлдөгөн аккаунттардын бириндеги публикация.
Улукбек Бабакулов көзөмөлдөгөн аккаунттардын бириндеги публикация.

“Азаттыктын” иликтөөсү “Kompromat KG” баракчасына чыккандан кийин фейк-аккаунт Райымбек Матраимовдон көңүлдү башка жакка буруу аракети менен такыр башка эле коррупциялык иштер тууралуу жаза баштаган.

Социалдык медиада ушундай өнөктүк жүргүзүү “кимдин идеясы болгон, Алканованыкыбы же Матраимовдукубу билбейм”, – дейт Бабакулов. “Анын координатору жалгыз Алкановабы, билбейм” – деген ал Лондондогу уюмдун суроолоруна жооп берип жатып.

Бул уюм Алканованын көмүскө ишмердигин териштирип отуруп, Бабакулов менен анын катында айтылган "Фейсбуктагы" “El - Taraza” деген чакан баракчаны да карап чыккан. Ал жерде “Азаттык” радиосу өз иликтөөсүндө далилдерди бурмалап, Саймаити эмне себептен "Азаттык” менен кызматташууга барган деген негизсиз жоромолго жетелеген, ошол эле маалда Матраимовду колдогон билдирүүлөр менен видеолор жарыяланган.

24-ноябрда Алканова “El Taraza менен Оsminog [Матраимовду колдоо өнөктүгүнө тартылган баракча] эмне болуп жатат? Ошол жактарга аудитория тартышыбыз керек. Алар тууралуу акыркы макала бейшембиде коюлуптур”, – деп Бабакуловго жазган.

Уюм белгилегендей, соңку жылдары социалдык медиада Кыргызстандагы коомдук ой-пикирди бурмалап, ажырым жаратууну көздөгөн кампания анонимдүү баракчалар аркылуу жүргөн.

Бабакулов мындай иштерге активдүү катышпай койгондо Алканова “Эмне үчүн эч нерсе жазбай жатасыз, эмне үчүн макала жазбайсыз?” деп сурап, ачууланган.

Башында мындай ишмердик үчүн 1000 доллар айлык убада кылышканы менен Бабакулов эч нерсе алган эмес. Ал өзү “группанын ичинде эмне болуп жатканын түшүнүү үчүн атайын эле жакшы иштебей койгонун” айткан.

Алкановага байланышы бар деген социалдык медиадагы группа тууралуу суроого Бабакулов “алар адискөйлөр деп ойлобойм” дейт. “Алар баары эле белгисиз жана тажрыйбасы жоктор” деп мүнөздөгөн.

«Анын макала жазып бере турган деле эч кимиси жок, ал мага ишенип, мени жазып берет десе, мен андай идеядан иренжип, жөн эле эч нерсе жазбай койдум», – дейт журналист Бабакулов өз жүйөсүн түшүндүрүп жатып.

Улукбек Бабакулов oDR жарыялаган маалыматтын баары чындыкка дал келерин жана басылманын суроолоруна жооп бергенин «Азаттыкка» ырастады:

Улукбек Бабакулов.
Улукбек Бабакулов.

«Алканова чындап эле мага кызматташууну сунуш кылган. Албетте, мен ошол замат эле каршы болуп койсом болмок, бирок мага кызык болду. Ошентсе да мен иштеген жокмун. Ошондуктан Алканова мага дайым «эмнеге иштебей жатасың, эч нерсе жазбай жатасың, сага акча төлөбөйбүз» деп нааразы боло берчү. Алар мага бир да тыйын төлөшкөн эмес. Бирок «айына миң доллардай төлөйбүз» деген. Мен болсо «Европа үчүн ал жетишсиз, мага кеминде миң евро төлөп бергиле» дегем. Алар макул болушкан. Элнурага мен биринчи байланышкан эмесмин. Ал убакта Элнура Матраимовдорго иштеп жатканын аябай жашырып жүргөн. Ал кезде мен анын Матраимовдорго иштеп жүргөнүн билчү да эмесмин. Албетте, ал андай сөздөрдү айта берет».

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Элнура Алканова oDR басылмасына жарыяланган макала боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Ал макалада айтылган дооматтарды четке кагып, Бабакулов ага мындай сунуш менен өзү кайрылганын билдирди:

«Улукбек Бабакулов азыр гуманитардык виза менен Францияга кеткен. Ал жакта үй-бүлөсү менен турат. Мага жардам сурап кайрылган. «Акча жактан кыйналып жатам. Мага кандай жардам болсо да бер. Мага акча берсеңер Матраимовдор тууралуу каалаган нерсени жазып берем» деген. Мага жарым жылдан бери дайым жазып, чалат. Мен ага жардам берем десем, кайра мени жаманатты кылып салды. Саймаитиден интервью алууну өзү сунуш кылган. Түркияга барса «билетин сатып берели» деп да сөз болгон. Бирок мен Саймаитини таба албай койгом. Райымбек Исмаиловичтен да «Саймаитини таап бериңиз» деп суранганмын. Бирок ал киши деле Саймаитини тааныбайт, билбейт экен. Кийин ушул үгүт учурунда медиа тармагын мен тейлеп калганда да Улукбек Бабакулов мага кайрылып, «пикир жазам, фейктер менен иштейм» деп суранган. «Биз фейктер менен иштебейбиз, таза иштейбиз. Франциядан эмес, бул жакка келип иште» дегем. Ошентсем мага таарынып, чуркап барып интервью берип атпайбы. Аны мен Кудайга койдум. Ал эми ODr менен мен 2018-жылы эле бир-эки жолу макала жазып иштешкем. Алар менен келишим да түзгөн эмесмин».

Миллиондор изин кууган «Азаттыктын» иликтөөсү

2-октябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги, «Bellingcat» уюму бирге жасаган бул жолку иликтөөсү Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматында иштеп, жетекчинин орун басарынын кызматына чейин жеткен Райымбек Матраимов бажыдагы көз боёомочулуктарга кантип көмүскөдөн жол ачып турганын көрсөтөт.

Борбор Азиядагы эки таасирдүү үй-бүлө далай жыл соода империясын куруу аракетинде аткезчиликке жол ачуу менен шугулданып келген. Азыр эми алар туугандары жана ишеничтүү адамдары аркылуу Кыргызстандагы маанилүү үч бажы терминалын көзөмөлдөшөт.

«Азаттык» радиосунун, OCCRP уюмунун жана «Клооп» медиасынын орток иликтөөлөрүндө теги кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Кыргызстан аркылуу жүк ташыган компаниясы көмүскө ишмердиктен жүз миллиондогон доллар тапканы жана ал каражатты адалдоо жолу менен өлкөдөн чыгарып кеткени ашкере болгон.

Абдукадырдын жүк ташуу бизнесин Мамлекеттик бажы кызматы калкалап турган. Бул ишмердиктин чордонунда жүргөн Айеркен Саймаити мунун баарын ачыкка чыгарып, ошол кезде бажыда жетекчи кызматта иштеген Райымбек Матраимов ири өлчөмдө пара алып турганын айткан. Ал сөзүн ырасташ үчүн жүз миңдеген доллар Абдукадырдын нускоосу менен Ысмайыл Матраимов атындагы фондго келгенин далилдеген түп нуска, көчүрмө жана электрондук документтерди берген.

Иликтөө учурунда Матраимовдор менен Абдукадырлар үй-бүлөсүнүн башка да бизнес байланыштары, Райымбек Матраимовдун аялынын Дубайда 12,5 миллион долларлык, декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү табылган. Матраимовдун ыктымал мыйзамсыз байыганы тууралуу эл арасынан президентке суроо берилгенде Сооронбай Жээнбеков аны далилдеген «факты бериш» керек экенин айткан. Матраимовдор өздөрү бул айыптоолорду четке кагып келатышат.

XS
SM
MD
LG