Казакстанда бир аптада эки блогер камалды

Казакстандык полиция кызматкери. Сүрөттүн кабарга тиешеси жок.

Казакстанда Орусияга каршы чакырыктары менен таанылган Маргулан Боранбаев кармалды. Адвокаты Ануар Байдар ал Алматыда камакка алынганын билдирди.

"Ага каршы тергөө былтыр ачылган, бирок далил жетишсиз болгондуктан кийинкиге калтырылган эле. 1-октябрь күнү тергөө кайра ачылганы тууралуу кокустан кабардар болдук. Тез арада эле Боранбаевди камакка алышты", - деди Байдар.

Бир апта мурда орусиячыл блогер Эрмек Тайшибеков кармалган. Мындан улам айрымдар Москванын ачуусуна тийбеш үчүн улутчул көз караштагы Боранбаев да камалганын божомолдошууда.

Тайшибековдун адвокаты ал айрым казак аткаминерлерин "русофоб" деп сыпаттаганы үчүн колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Казакстандын түндүк тарабында көп сандаган славян тектүүлөр жашайт.

Орусия Украинанын Крым аймагын аннексиялап алгандан кийин бир канча казак жараны Украинанын чыгышындагы аскердик аракеттерге катышканы жана Казакстанды Орусияга кошулууга чакырганы үчүн камалган.

Дагы караңыз

Өмүралиев: Түркияда эки жерде добуш берсе болот«Атеист эмесмин, дин ордуна билимди тандайм»Матраимовдордун мүлкү"Карантиндеги демократия": Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкө деп табылдыСузакта милиция менен чырдашкандар кармалды