Камчыбек Ташиев УКМКга төрага болду (видео)

Камчыбек Ташиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү ырастады.

Маалыматка караганда, Ташиев бүгүн, 16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен бул кызматка барды.

Камчыбек Ташиев бүгүн, 18.30да УКМКда журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрүүнү көздөп жатат.

Камчыбек Ташиев мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Ата Журт», «Республика - Ата Журт», «Мекенчил» саясий партияларынын теңтөрагасы, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун досу катары белгилүү. (NT)

Дагы караңыз

Депутат Мамытов: Матраимов боюнча маселеде көп нерсе тергөөдөн көз карандыТекебаев: Жапаров президенттик шайлоого катыша албайтДепутат Сулайманов: 5-октябрдагы митингдин талабы толук аткарыла элек