Бишкек мэриясынын алдына чогулгандар Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышууда

Нариман Түлеев.

Бишкек мэриясынын алдында 26-октябрда кишилер тобу чогулду. Алар мэрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-мэр Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Чогулгандар президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдон Түлеевди кызматтан алууну талап кылышты.

Алар «Кызматка Нариман Түлеевден башка, таза адам келсин!», «Түлеев кетсин!» деп кыйкырып турушат.

Окуяны чагылдырып жүргөн журналисттер чогулгандар мэриянын имаратына кирүүгө аракеттенип, бирок милиция кызматкерлери ага жол бербегенин кабарлашты.

Мэриянын өкүлдөрү имаратты милиция кайтарып турганын билдиришти.

Нааразы тарап мөөнөтсүз митинг жарыялашканын, жаңы мэр дайындалмайынча күн сайын саат 12де мэриянын алдына чогула турганын маалымдашты.

Бүгүн Бишкек шаардык мэриясы мэрдин милдетин мыйзамдын негизинде кайра Нариман Түлеев аткарып жатканын жарыялаган.

Түлеев 22-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарбай калганын, мындай чечимди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен бирге кабыл алганын жарыялаган. Нариман Түлеев менен жолугушканы тууралуу Садыр Жапаров да билдирген.

Кызматтан баш тартууну Түлеев «мэрлик креслонун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү бирөөлөрдүн ыплас, иренжиткен күрөшү башталганын», охлократиянын толкуну күчөп баратканын жүйө келтирген.

Бишкек шаарын 2018-жылдан бери жетектеп келген Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер катары катышуу үчүн мэрлик кызматтан баш тартканын, борбор шаардын мэринин милдетин биринчи вице-мэр болуп 20-октябрда дайындалган Нариман Түлеев аткарарын ошол күнү жарыялаган эле.

21-октябрда мэриянын имаратынын алдында Түлеевге каршы чыккандардын жана тарапкерлеринин митинги өткөн.

Ошол эле күнү Интернетте Түлеевдин иш кабинетинде бир топ адамдар арасында ызы-чуу болуп жатканы тартылган видео тараган.

Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн. (NT)

Дагы караңыз

Мэрия: Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткарып жататТүлеев: Охлократия күчөп баратат, мэрдин милдетин аткаруудан баш тарттымКадр саясаты: бир кадам алдыга, эки кадам артка Бишкекте Нариман Түлеевге каршы митинг өтүп жатат