Германия коронавирус күчөп жатканына байланыштуу 2-ноябрдан тартып бир айга жарым-жартылай жабылды. Белгиянын бийлиги да өлкө аймагы боюнча карантин жарыялады. Ушул апта ичинде Португалия, Грекия жана Австрия да жарым-жартылай жабылары күтүлүүдө.
Британия 5-ноябрдан тартып бир айга карантин киргизди. Катаал чектөөлөрдү жарыялаган мамлекеттердин арасында Италия, Испания жана Польша бар. Европада коронавируска чалдыккандардын жалпы саны он миллиондон ашты. Бийлик ооруканаларга адам батпай калат деген кооптонуудан улам карантин чараларын катаалдаштырууга аргасыз болуп жатат.
АКШнын жугуштуу оорулар боюнча башкы дарыгери Энтони Фаучи Америка катаал кышка даяр болушу керек экенин эскертти. АКШ коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттердин сап башында турат. Бул мамлекетте аталган илдеттен 231 миңден адам көз жумду.
Окуганга кызыктуу
Алматыда шайлоо реформасын талап кылып чыгышты«Бир дүйнө - Кыргызстан» фестивалы: экология, укук, теңдикГрузияда оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразыКоэн: Кыргызстан бийлик вакуумунда жалгыз калды