Кыргызстанда күчү алты баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

6-ноябрда саат 13:38де Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда алты балл болду.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына жакын аймакта болгон.

Жер титирөө Кадамжай шаарчасында, Пүлгөн, Ынтымак айылдарында - алты баллга жакын, Жийделик, Котур-Булак, Алга, Шуран, Марказ, Кара-Дөбө, Үч-Коргон, Кызыл-Булак, Котормо, Тамаша, Орозбеков айылдарында, Кызыл-Кыя шаарында - беш балл, Кербен, Найман, Бор-Баш, Кожо-Арык, Кызыл-Булак, Беш-Буркан, Валакиш, Чаувай, Кара-Жыгач, Майдан, Кароол, Кара-Шоро, Гайрат, Кулду, Айдаркен, Жаңы-Коргон, Ормош, Сур, Кызыл-Коргон, Өтүкчү, Сары-Өтөк, Кара-Тумшук, Жаңы-Жер, Кыргыз-Кыштак айылдарында - төрт балл, Баткен шаарында, Базар-Башы, Бүжүм, Ноокат, Фрунзе, Жаңы-Ноокат, Араван айылдарында - төрт баллга жакын , Ош шаарында - үч балл сезилди. (TSh)

Дагы караңыз

Башкы штабдын жетекчиси Кытай элчиси менен жолукту«Калашников» концернин транспорт министринин мурдагы орун басары сатып алды Депутат Карамушкина Атамбаев менен жолугуп чыкты