Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Башкы штабдын жетекчиси Кытай элчиси менен жолукту


Бишкектеги жолугушуу. 6-ноябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги жолугушуу. 6-ноябрь, 2020-жыл.

6-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень менен жолукту.

Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, элчи Дэвень эки тараптуу кызматташтыкты жогору баалап, коргонуу багытында мындан ары да эриш-аркак иш алып баруу тууралуу айтты.

Генерал-майор Өмүралиев Кытай элчилигине коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда аскердик-медициналык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулаганы кабарланды. (BCh)

XS
SM
MD
LG