Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Словакия: журналисттин өлүмү боюнча мурдагы полиция кызматкерлери камалды


Коррупция боюнча иликтөө материалдарын жазган Ян Куцияк менен анын колуктусу Мартина Куснированы 2018-жылы февралда Братиславанын четиндеги үйүнөн атып кетишкен.
Коррупция боюнча иликтөө материалдарын жазган Ян Куцияк менен анын колуктусу Мартина Куснированы 2018-жылы февралда Братиславанын четиндеги үйүнөн атып кетишкен.

Словакияда 2018-жылы киши колдуу болгон иликтөөчү журналист Ян Куцияктын ишине байланыштуу полициянын бир нече мурдагы кызматкери камалды. Өлкөнүн прокуратурасы 5-ноябрда полициянын атайын бөлүмү кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен адамдарды кармаганын билдирди, бирок кеңири маалымат берген жок.

«Маркиза» телеканалы полициянын мурдагы башчысын үйүндө кармап жатканы тартылган видео тасма көрсөттү. Дагы башка басылмалар полициянын мурдагы үч жооптуу кызматкери колго түшкөнүн жазышты.

Коррупция боюнча иликтөө материалдарын жазган Ян Куцияк менен анын колуктусу Мартина Куснированы 2018-жылы февралда Братиславанын четиндеги үйүнөн атып кетишкен. Кош өлүмдөн улам өлкөдө нааразылык акциялары болгон жана анын айынан ошол кездеги өкмөт башчы Роберт Фицо кызматтан кеткен. Куцияк саясат менен бизнестин ортосундагы кылмыштуу байланыштарды иликтеп жүргөн.

Миллионер Мариан Кочнер журналистти өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталган, бирок ал ушул жылдын сентябрь айында соттон акталып чыккан. Куцияк убагында Мариан Кочнер тууралуу да иликтөө макалаларды жазган.

Басма сөз боюнча эл аралык институт сот өкүмүн «сот адилеттигине жана жазасын калууга каршы күрөшкө олуттуу кедерги» катары сыпаттаган.

Журналисттин киши колдуу болушу боюнча бир адам кармалып, 25 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG