Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Депутат Карамушкина Атамбаев менен жолугуп чыкты


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина 4-ноябрда №47 түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын «Азаттыкка» билдирди. Карамушкинанын айтымында, Атамбаевдин бутунун тырмагына операция жасалган.

Депутатка Атамбаев кримтөбөл Көлбаев №47 абакка которуларын билгенин жана бул кандайдыр бир таасир көрсөтүү максатында болбогонуна ишенерин айтып берген.

«Ал айтты: Көлбаев болсо Колбаев, ал өзүнүн беренеси менен отурат. Которо берсин, мен эмне кыла алам? Мен аны менен олуттуу бир нерсе болгон эмесмин. Мен кудайдан башка эч кимден коркпойм», - деди Карамушкина.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында болуп келсе, 26-октябрда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Атамбаев №1 тергөө абагындагы шарты жок камерага отургузулганына байланыштуу ачкачылык акциясын баштаган. Атамбаев 27-октябрда №47 абакка которулгандан кийин ачкачылык акциясын токтоткон.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу тарапташтарынын аракети менен түрмөдөн бошотулган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, түрмөгө кайтарылган.

УКМК тергөө абагында отурган Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) ден соолугуна байланыштуу №47 абакка 5-ноябрда которулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG