Бишкек-Ош жолунда Төө-Ашуудагы жана Суусамыр аймагындагы аба ырайына байланыштуу кырсыктардын жана тыгындардын алдын алыш үчүн Сосновка өткөрмө жайынан жүк ташуучу машинелерди өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы маалымдады. Чектөө качан алынары кабарланган жок.
Ошондой эле 12-ноябрда жолдорго кум төгүлөт. Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы тоолуу аймакта айдоочуларды сак болууга жана аралыкты сактоо чакырат. (TSh)
Дагы караңыз
Ошто тогуз айда жол кырсыгынан 107 киши каза болду COVID-19: Нью-Йорк катаал карантинге кайтат Мигранттар үчүн паспорт жаңыртуу азапка айланды