Баткенде өрттүн айынан бир адамдын өмүрү кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде өрттөн бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-ноябрда кабарлагандай, Кадамжай районунун Шакшак айылындагы турак үйдө өрт чыгып, жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана үй буюмдары толук күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 46 жаштагы адам күйүк алып каза болду. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кырсыкка эмне себеп болгону териштирилип жатат.

Соңку бир күндө Кыргызстандын аймагында 11 өрт катталды. Өткөн аптада Бишкекте өрт чыккан жерде бир адамын сөөгү табылган. (RK)

Дагы караңыз

Румынияда ооруканадагы өрттөн он бейтап көз жумду Сузак: үйү өрттөнгөн үй-бүлөнүн өтүнүчүБишкекте өрт бир адамдын өмүрүн алды«Орто-Сай» базарындагы өрт боюнча сотко чейинки териштирүү башталдыСоодагерлерди сызга отургузган өрт«Орто-Сай» базарындагы өрттү өчүрүүгө беш бригада тартылды (видео)Бишкекте турак үй өрттөнүп жатат Бишкек ЖЭБиндеги авариядан жарык өчтү