Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Румынияда ооруканадагы өрттөн он бейтап көз жумду


Румыниянын Пьятра-Нямц шаарындагы өрт чыккан оорукан. 15-ноябрь, 2020-жыл.
Румыниянын Пьятра-Нямц шаарындагы өрт чыккан оорукан. 15-ноябрь, 2020-жыл.

15-ноябрда Румыниянын түндүк-чыгышында жайгашкан Пьятра-Нямц шаарындагы ооруканада COVID-19 илдетинен дарыланган бейтаптар жаткан бөлүмдө өрт чыгып, он киши көз жумду. Бир нече киши жараат алды. Бул тууралуу Румыниянын Өзгөчө кырдаал боюнча улуттук агенттиги билдирди.

Көз жумган бейтаптар өпкөсү жасалма дем алдырчу аппаратка кошулуп, интенсивдүү дарылоодо жатканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун румын кызматы кабарлады.

Бейтаптардын өмүрүн сактап калууга аракеттенген дарыгердин териси 40% чейин күйүккө чалдыккан. Ал тезинен Бухаресттеги ооруканага жеткирилген.

Румыниянын саламаттык сактоо министри Нелу Татару журналисттерге билдиргендей, аман калган алты бейтап Яссы шаарындагы коронависруска чалдыккандарды дарылаган ооруканага жиберилет. Министр өрт электр өткөргүчтөн чыкканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG