Грузиянын борбору Тбилисидеги микрокредит уюмунда тогуз кишини барымтага алган адам кармалды.
20-ноябрда Тбилиси полициясынын башчысы Важа Сирадзе "МВС" микрокредит уюмунда барымтага алынган жарандардын баары бошотулганын билдирди.
Полиция уюмдун имаратын курчап, кылмышка шектүүнү колго түшүргөн. Анын кандай максатта бул кадамга барганы жөнүндө маалымат айтыла элек.
Октябрда да Грузиянын Зугдиди шаарында беткап кийген адам банкты тоноо маалында 43 кишини барымтага алган. Кийин ал акчаны алып, барымтадагы кишилерди бошоткондон кийин изин жашырып кеткен.
Дагы караңыз
Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбызБакуда президент Алиев Орусиянын делегациясын кабыл алды Ооганстандын борборундагы ракета чабуулу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу өз мойнуна алдыӨлкөсүн өргө тарткан аял президенттер