Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Бакуда президент Алиев Орусиянын делегациясын кабыл алды


Азербайжан аскерлери Тоолуу Карабактагы Агдам районуна кирип келүүдө. 2020-жылдын 20-ноябры.
Азербайжан аскерлери Тоолуу Карабактагы Агдам районуна кирип келүүдө. 2020-жылдын 20-ноябры.

21-ноябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы кырдаал жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүгө Баку шаарына келген Орусиянын өкүлчүлүгүн кабыл алды. Орусиянын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгудан башка да вице-премьерлер Алексей Оверчук менен Александр Новак, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, Орусиянын саламаттык сактоо жана кардарлар укугу боюнча Федерациялык кызматынын башчысы Анна Попова да болду. Александр Новак мунайзат жана жаратылыш газы тармактары боюнча жооптуу вице-премьер экени маалым.

Жолугушуу маалында Илхам Алиев 10-ноябрдан бери жүзөгө ашырыла баштаган ок атышууларды токтотуу жүрүмүнө канааттангандыгын билдирди.

“Биздин баамыбызда, [ок атышууну] жарыялоо байсалдуулук менен жүзөгө ашырылып келүүдө. Мунун өзү Азербайжан менен Армения узак мөөнөткө созулган жаңжалды токтотуп, дипломатиялык нукка түшүүгө даяр экендиктерин айгинелейт”, – деди Азербайжандын президенти.

Президент Алиевдин маалымдашынча, кырдаалды жөнгө салууга багытталган иш-аракет дурус жүрүүдө; натыйжалар көрүнүп турат; ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну тараптар кадырлап жатышат. “Мен кырдаал ушул нукта жөнгө салына берет деген ишеничтемин”, – деди Алиев.

Ишембиде саал мурдараак Орусиянын делегациясы Ереванга келип, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушкан.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ереван. 2020-жылдын 21-ноябры.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ереван. 2020-жылдын 21-ноябры.

Армян премьеринин кеңсесинен кабарлашкандай, премьер Пашинян Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен Орусиянын арачылыгы астында жүзөгө ашырылып жаткан ок атышууларды токтотуу жүрүмүн талкуулаган. Пашинян соңку согуштук жаңжал маалында Орусиянын расмий колдоосун, өзгөчө орус президенти Владимир Путиндин жекече колдоосун ар дайым сезгендигин баса белгилеп айткан.

Сергей Шойгу болсо 9-ноябрда үч тараптуу билдирүүгө кол коюлгандан бери Азербайжандагы жикчил Тоолуу Карабак аймагынын дээрлик бардык бөлүгүнө орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү жайгаштырылып бүткөнүн билдирди. "Жалпысынан 23 көзөмөл бекети жайгаштырылды. Биз Степанакертке кетчү кан жолго байкоо жүргүзүп жатабыз", - деди Шойгу. Армяндар Степанакерт атаган Тоолуу Карабактагы башкы шаарды азербайжандар Ханкенди деп аташат.

Үч тараптуу тынчтык макулдашуусунун шарттарына ылайык, Азербайжандын аскерлери 20-ноябрда жикчил Тоолуу Карабактын түндүк-чыгышындагы Агдам районун толук көзөмөлдөп калды.

Өлкөнүн тоолуу Келбажар району 25-ноябрда Азербайжандын аскерлерине өткөрүлүп берилмекчи. Армяндар дагы эле көзөмөлдөп жаткан Лачин району 1-декабрга карата Азербайжанга өткөрүлүп берилет. Орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү Лачин районундагы жикчил Тоолуу Карабактан Арменияга кетчү канжол жайгашкан узундугу 5 чакырымдай өткөөлдү көзөмөл кылууну кийинчерээк да уланта бермекчи.

XS
SM
MD
LG