Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Өлкөсүн өргө тарткан аял президенттер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-январга белгиленген президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирген жарандардын арасында сегиз аял бар. Президенттик жарышта аял талапкер жеңишке жете алабы? Аларды саясий күрөштө кандай тоскоолдуктар күтөт?

«Азаттык» кезектеги «Арай көз чарай» талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Талкууга президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген саясатчылар Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков жана саясат таануучу Чынара Эсенгул катышты.

“Азаттык”: Акыркы дүйнөлүк жаңылыктарга көз салсак, Молдовадагы президенттик шайлоодо аял талапкер Мая Санду жеңишке жетти. Пандемияга каршы күрөштө аял башкарган онго жакын өлкө ийгиликке жетишти. Беларус коомчулугу Тихановскаяны канчадан бери лидер катары сүрөп жатат. Бул өңдүү аял лидердин салмагы арткан жагдай Кыргызстанда да жакын арада түзүлөт деп үмүт артса болобу?

Кризистик убакта аялзатыбыздын жоопкерчиликти алып, мамлекетти, элди туура нукка алып кеткидей потенциалы бар. Ошол эле коңшу, Борбор Азия мамлекеттериндеги аң-сезим, ой жүгүртүү маданиятынын негиздерин алып көрсөк, кыргыз элинин аялзаты өзгөчөлөнүп турат.
Чынара Эсенгул.

Чынара Эсенгул: Бул чынында эле азыркы замандын глобалдык деңгээлдеги талабы болуп атат. Чоң идеологияларга карасак, Советтер союзунан кийинки капитализм, либерализм деген чоң ойлор да кризиске учурап, социалдык тармакка, экологияга, социалдык камсыздоого көбүрөөк көңүл буруш керек экен деген маселе жаралды. Бул жагынан караганда социализм, коммунизм мезгилинде деле аялзатты кадр катары даярдоо жогору коюлган. Ошондуктан, биздин базабыз жакшы. Ага чейин деле Курманжан датка феноменин айтып келебиз. Ошон үчүн кризистик убакта аялзатыбыздын жоопкерчиликти алып, мамлекетти, элди туура нукка алып кеткидей потенциалы бар. Ошол эле коңшу, Борбор Азия мамлекеттериндеги аң-сезим, ой жүгүртүү маданиятынын негиздерин алып көрсөк, кыргыз элинин аялзаты өзгөчөлөнүп турат.

“Азаттык”: “Азаттык” жүргүзгөн сурамжылоодо бир жаран “жакынкы 15-20 жылда Кыргызстанда Тэтчердей, Меркелдей күчтүү аял саясатчы чыгышы күмөн деди. Анткен менен 2010-жылы Роза Отунбаева мамлекетти башкарып, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү дыңды бузду го. Азыр кыргыз саясатында аял презденттин чыгышына кандай тоскоолдуктар бар?

Биздин коомдо программа экинчи планга кетет. Күчтү жакшы көрөбүз. Күч менен бийликти алуу идеялардан маанилүү болуп калган.
Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков: Активдүү саясатта жүргөнүмө жыйырма беш жыл болду. Аялбы-эркекпи, саясатта лидерлик көптөгөн жылдарда калыптанат. Кыргыз саясаты коркунучтуу, тобокелдиктери көп. Мисалы, биз региондорго барабыз, митингдерге чыгабыз, түнкүсүн, таң атканда жолугабыз. Аялдарда үй-бүлө, бала-чака бар, күйөөсү уруксат бербейт... Эркектер болсо чыгат да, басып кетип калат. Ушундай объективдүү нерселерден аялдар артта калып, эркектер саясатка көп келип атат. Биздин коомдо программа экинчи планга кетет. Күчтү жакшы көрөбүз. Күч менен бийликти алуу идеялардан маанилүү болуп калган.

Клара Сооронкулова: Азыр аял талапкерлерге карата үйүндө эле отурбайбы, балдарын, неберелерин бакпайбы деген пикирлер көп болуп атат. Мен, мисалы, биринчи кезекте юрист катары талапкер болуп чыгып атам. Президенттин ыйгарым укугун алган киши юрист болушу керек.

Буга чейин бир да юрист болгон эмес. Эркекке карата стереотип калыптанып калган: хан, падыша, ажо деген аялдын образына жакындашпайт. Биз буга чейин эркектердин саясатын көрүп келдик. Улам президент алмашкан сайын бири-биринен өч алуу, агрессия, анын кесепетинен -революция. Бул жагынан саясатта аялдардын ролу чоң болушу керек.

Аялдардын чыга албагандыгынын себеби, көп нерсе каржы маселесине барып такалат экен. Лидер аялдар чынында көп. Бирок, мисалы, парламентке келген аялдар кайсы бир эркектердин кол астында болот. Анткени, ресурсу жок, өз алдынча лидер болуп чыга албайт. Ресурстун көбү эркектердин колунда.

“Азаттык”: Клара айым, стереотиптерди бузам деп турасыз. Бирок, талкуунун башында эле сиздер эркек баштасын деп кезекти Равшан Жээнбековго бердиңиздер. Бул эмненин көрсөткүчү?

Биз буга чейин эркектердин саясатын көрүп келдик. Улам президент алмашкан сайын бири-биринен өч алуу, агрессия, анын кесепетинен -революция.
Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова: Бул эми үй-бүлөлүк маданият... Патриархалдык үй-бүлө болгон үчүн биз эркек кожоюн, эркек чечет деп көнүп калганбыз. Ошон үчүн аял жарышка чыкканда аялдар өздөрү колдобойт.

Равшан Жээнбеков: Бизде практика бар, 2010-жылы Роза Отунбаева президент болду. Азыркы шартта андай мүмкүнчүлүк жок деп айта албас элем. Анткени, саясий конъюнктура тез-тез өзгөрөт. Жакынкы убактагы атаандаштык көргөзөт. Кыргызстанда аялды колдой турган убакыт келатат.

Талкууну толугу менен видеодон көрө аласыз.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG