Бишкек мэриясында бир топ жетекчилер алмашты

Бишкек шаардык мэриясы.

Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 8-декабрда муниципалитеттин жаңы кызматкерлерин жана жетекчилерин жамаатка тааныштырды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Түлөбаевдин чечимине ылайык, мэриянын аппарат жетекчиси болуп Абдес Анарбеков дайындалды.

Ал буга чейин аппараттын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген.

Ошондой эле Мырза-Айым Кымчыбекова мэриянын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн орун басары, Асхат Осмонов мэрдин кеңешчиси, Нурлан Наматов «Бишкек санитардык полигон» ишканасынын жетекчиси, Тынчтык Медербеков анын орун басары, Адилет Курпердиев «Бишкекнаабай» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Жер ресурстары башкармалыгынын юридика бөлүмүн Бакай Турдугулов жетектей турган болду.

Азамат Сагындык уулу жер, курулуш жана архитектура саясаты боюнча вице-мэр болуп бекитилди.

27-октябрда ошол кездеги премьер-министр жана президенттин милдетин аткарып турган, ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып, өкмөт башчылык милдетти убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Балбак Түлөбаевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Түлөбаев 2018-жылы Бишкек мэриясынын аппарат башчысы, 27-июлдан тартып өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

20-октябрда Азиз Суракматов кызматынан өз каалоосу менен кетип, ордуна вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевди калтырып кеткен. Түлеевге каршы нааразылык акцияларынан кийин башкалаанын тизгини Балбак Түлөбаевге берилген. (NT)

Дагы караңыз

Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү Сергей Лавров Германиядагы ашынган оңчул партиянын өкүлдөрү менен жолуктуРеферендум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралатАкыйкатчы соттолуучулардын даттануу тартибин аныктоо үчүн эки кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылдыБУУ комитети кыргызстандык аял убактылуу кармоочу жайда дискриминацияга кабылган деп тапты