Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

БУУ комитети кыргызстандык аял убактылуу кармоочу жайда дискриминацияга кабылган деп тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети кыргызстандык жаран Роза Горбаева абакта дискриминацияга кабылган деп тапты.

Кыргызстандагы «Кыйноого каршы коалиция» өкмөттүк эмес уюму билдиргендей, комитет Горбаеванын арызы боюнча 1-декабрда чечим кабыл алган. Кыргыз тарапка аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча бир катар сунуштарды берди.

Анда дискриминациядан жабыркаган Роза Горбаевага келтирилген зыян үчүн каржылык компенсация төлөө, абактарда отурган аялдардын медициналык жардам алышын камсыз кылуу, аларга тазалык үчүн керектүү каражаттарды берүү, шарттарды жакшыртуу, соттолуучулардын өздөрүнө карата катаал мамилелер тууралуу арыздарын натыйжалуу иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо, түрмөдөгү аялдарды атайын даярдыктан өткөн аял кызматкерлердин гана текшеришин камсыздоо боюнча талаптар бар.

«Кыйноого каршы коалициянын» маалыматына караганда, орто жаштагы Роза Горбаева адам чыдагыс шартта убактылуу кармоочу жайларда үч жыл отурган. Ал эркектердин көзүнчө душка түшүп, чечинип-кийинүүгө аргасыз болгон. Горбаева кармалган камера болгону 2х3 метрлик, ошонун ичинде эле даараткана жайгашкан жана эч кандай тосмого алынган эмес. Камерада кармалгандар ошол жерде эле тамактанып, дааратканага барып жүрүшкөн.

Укук коргоочулар Горбаева күнөөсүз ишке айыпталып, адам чыдагыс шартта үч жыл бою отурган деп эсептешет.

Ал кыйынчылыктарга карабай Жалал-Абад шаарындагы «Акыйкаттык» укук коргоо уюмунун адвокаттарынын жардамы менен БУУнун тиешелүү комитетине арыз менен кайрылган.

Аталган укук коргоо уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов Роза Горбаеванын убактылуу кармоочу жайларда кармалышы анын адамдык намысына шек келтиргенин жана дискриминациялык мүнөздөгү катаал мамилеге тете болгонун билдирди. Анын айтымында, жакын арада БУУнун комитетинин чечиминин негизинде компенсация өндүрүү боюнча сотко арыз берилет.

Бул Кыргызстанда аялдардын дискриминацияга кабылганы эл аралык деңгээлде таанылган биринчи учур болуп калды. Укук коргоочулар кыргыз өкмөтү комитеттин бардык сунуштарын эске алып, аракеттерди көрөт деген ишенимин билдиришти.

ИИМ бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек. Негизи Кыргызстанда убактылуу кармоочу жайлардагы шарт өтө начар экени коомчулукта көп айтылып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG