Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Брейк-данс 2024-жылдагы Олимп оюндарынын тизмесине киргизилди


2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиаданын программасына брейк-данс, серфинг, скейтбординг жана аскага чыгуу мелдештери киргизилди. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах (Thomas Bach) билдирди. «Париж-24түн» уюштуруучулары спорттун заманбап, жаңы өзгөрүүлөрдү чагылдырган түрлөрүн камтууну, жаш муунду көбүрөөк тартууну көздөгөнүн айтып жатышат.

2020-жылдан тартып киргизилген жаңы саамалыкка ылайык, оюндарды кабыл алган өлкө программага киргизилчү түрлөрдү өзү сунуш кыла алат.
Томас Бах мелдештерде гендердик тең укуктуулук сакталарын белгиледи.

«Токиодогу Олимпиадага 49 аял спортсмен катышса, Парижде оюндардын тарыхында алгачкы жолу толук баланска жетебиз. Атлеттердин 50% аялдар, 50% эркектер болмокчу», - деди Бах.

32-жайкы Олимпиада 2020-жылы Жапониянын борбору Токиодо өткөрүлмөк. Быйылкы коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Ал эми 2024-жылдагы Олимп оюндары Франциянын борбору Париж шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG