Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

АКШ Сенаты «Кызытмага каршы Родченков атындагы мыйзамды»  жактырды


Москвадагы кызытмага каршы лабораториянын мурдагы жетекчиси Григорий Родченков. Архив.
Москвадагы кызытмага каршы лабораториянын мурдагы жетекчиси Григорий Родченков. Архив.

Дүйшөмбүдө (16-ноябрда) АКШ Конгрессинин Сенаты «Кызытмага каршы Родченков атындагы мыйзамдын» долбоорун жактырды. Бул мыйзам долбоору кызытманы колдонуу аркылуу эл аралык спорттук мелдештердин жыйынтыгын бурмалоо далалаты үчүн олуттуу жазаларды камтыйт.

Бул мыйзамдын өзгөчөлүгү - эми жазалоо механизми спортчуну гана эмес, тыюу салынган затты жана усулду колдонуу менен эл аралык ири мелдештерге терс таасир тийгизүүгө тиешеси бар ар кандай кишини мерчемге алганында. Мыйзамга ылайык, америкалык жарандар да катышкан эл аралык мелдештердин жыйынтыгына кесепети тийген америкалык жарандар гана эмес, алардан тышкары ар кандай чет өлкөлүк спорт аткаминерлери, машыктыруучулар, дарыгерлер да сот жазасына кириптер болушу күтүлөт. Соттун чечими менен айыптуу деп табылгандарга 10 жылга чейинки узак мөөнөттөгү абакка кесүү, 1 миллион АКШ долларына чейинки каржылык айып, АКШдагы кыймылсыз мүлкүн тартып алуу сыяктуу чара көрүлүшү ыктымал.

Кызытмага каршы күрөш боюнча дүйнөлүк агенттик (WADA) бул мыйзам долбоорун «өлкө чегинен тышкаркы чөйрөнү да камтып жатат» деп кескин сынга алды. Бирок АКШнын Кызытмага каршы башкармалыгынын өкүлү Энтони Жонс бул сынды четке кагып, «WADA агенттигинин Орусиянын спортундагы кызытма жаңжалына карата мажүрөө мамилеси бул агенттикке карата ишенимди азайтты», деп белгиледи.

АКШнын бул мыйзам долбоору Москвадагы кызытмага каршы лабораториянын мурдагы жетекчиси Григорий Родченковдун ысымы менен аталган. Григороий Родченков Сочиде 2014-жылы өткөрүлгөн Олимпиада сыяктуу эл аралык кадыр-барктуу мелдештер убагында орусиялык спортчулар кеңири өлчөмдө кызытма колдонгонун ашкерелеп чыккан.

Орусиянын жетекчилиги кызытма колдонууга өздөрүнүн шыкакчы болгондугу тууралуу кабардарды төгүндөп келет. Маселен, Орусиянын президенти Владимир Путин «орус бийлиги спортто кызытма колдонууну мамлекеттик деңгээлде уюштурган» деген доону 2017-жылы мартта четке каккан.

Ал эми Орусиядан качып кеткен Григорий Родченков спорттогу кызытма схемасынан Путин өзү кабардар болгонун айтып жүрөт.

«Анткени мындай ишти аткарууга ФСБнын жашыруун кызматын президент гана дайындай алат», - деп Родченков ARD немис телеканалы тарткан даректүү тасмада баяндаган.

АКШнын кызытманы колдонууга каршы мыйзам долбоору Сенатка чейин Өкүлдөр үйүндө жактырылган. Эми ага президент Дональд Трамп кол койсо, анда ал мыйзам күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG