Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Кызытма чыры тажик чемпионун ызалантты


Дилшод Назаров
Дилшод Назаров

Үч жыл мурда Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында салмоор таш ыргытуу боюнча дүйнө чемпиону болгон тажик спортчусу Дилшод Назаров кызытмага байланыштуу шек саналууда.

Жеңил атлетикадагы жагымсыз көрүнүш менен күрөшкөн - Athletics Integrity Unit уюму 24-сентябрда Дилшод Назаровду кызытма эрежесин бузган спортчулардын тизмесине киргизген.

Уюм cпортчунун 2011-жылы Түштүк Кореядагы чемпионатта алынган анализдери кайрадан текшерүүдөн өткөндөн кийин канынан "туринабол" деген стероид табылганын, буга байланыштуу Назаров мелдештерден убактылуу четтетилгенин маалымдады.

Белгилүү тажик спортчусу Дилшод Назаров ушу тапта салмоор таш ыргытуу боюнча 27-сентябрдан 6-октябрга чейин өтө турган мелдешке катышуу үчүн Катарда жүрөт.

- Дохададагы Дүйнө чемпионатынан четтеп калганыма нес болуп турам. Мен спорттун тазалыгы үчүн дайыма күрөшүп келгем. Бардык сыйлыктарды өз күчүм жеңип алгам деп ишенимдүү айта алам. Азыр спорттук уюмдар менен кызматташып, кызытма тууралуу айыпты жокко чыгарууга аракет кылып жатам. Европалык белгилүү адвокатты да жалдадым. Жакын арада өзүмдүн таза атымды кайтарып, эл аралык мелдештерде мекенимдин туусун көтөрөм деп ишенем», - деп жазылган Назаровдун маалымат каражаттарына таркаткан билдирүүсүндө.

Жеңил атлетика боюнча эл аралык ассоциациянын – IAAF расмий сайтындагы Дохадагы чемпионаттын катышуучуларынын тизмесинен Назаровдун аты азырынча алына элек.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон спортчуну сыйлоодо, 2016-жыл
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон спортчуну сыйлоодо, 2016-жыл

Тажик бийлиги Назаровдун дисквалификация болгонун маалымат каражаттарынан гана уккан.

Жаштар, спорт жана туризм комитетинин төрагасы Ахтам Абдуллозода «Азаттыктын» тажик кызматына бул боюнча расмий билдирүү ала элек экенин айткан:

«Дилшод - белгилүү спортчу, расмий документти күтөлү».

Ал эми Кызытмага каршы улуттук уюмдун башчысы Мухаммадшо Абдуллоев Назаров 2016-жылкы Олимпиадада антидопинг көзөмөлүнөн ийгиликтүү өткөнүн белгиледи:

- 2016-жылдын 19-августунда, Олимпиада оюндарынан кийин эле ага допинг-көзөмөл жасалган. WADA уюмунун эрежелери боюнча спортчунун канынан шектүү зат табылса, бул тууралуу он күндүн ичинде ачык айтылат жана спортчу жазага тартылат. Дилшод Назаровго эч кандай айып коюлган эмес.

Буга чейин кызытма колдонууга бир нече тажикстандык спортчу айыпталган.

Быйыл жаз айында Самбо боюнча эл аралык федерация - FIAS Умед Хасанбековду 2023-жылга чейин мелдештерден четтеткен. Тажикстандык самбист былтыр Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында күмүш медалга ээ болуп, кийин кызытмага байланыштуу сыйлыгынан кол жууган.

2015-жылы Биргелешкен күрөш дүйнөсү - UWW Зелимхан Юсуповду Катардагы Азия чемпионатында кызытма колдонгон деп, төрт жылга мелдештерден четтеткен.

Ага чейин 2014-жылы Футбол боюнча Азия Конфедерациясы –AFC жаштар курама командасынын оюнчусу Хуршед Бекназаровду "WADA тыюу салган "метилгексанамин" затын колдонгон" деп айыптаган.

Кызытма чатагы Кыргызстанды кыйгап өтпөй, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарында коло медалга ээ болгон Иззат Артыковдун жетишкендиги жокко чыгарылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG