Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

WADA Орусияга кылмыш ишин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттик - WADA Орусияны ушул жылдын башында «допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген» деп күнөөлөдү.

Дүйнөлүк агенттик Орусиянын Кызытмага каршы агенттигине - РУСАДАга кылмыш ишин козгогонун билдирди.

23-сентябрда таратылган билдирүүдө агенттиктин аткаруу комитети Москвадагы лабораториядан орусиялык спортчулар тапшырган миңдеген анализдерди алганы айтылат.

WADA эми ошол маалыматтарды текшерип чыгып, кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтөөгө алынганын кабарлады. Дүйнөлүк агенттик Орусиядан үч жуманын ичинде түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

«Бизде учурда 47 иш бар. Биздеги анализдерди эске алганда, мындай иштер дагы чыгышы мүмкүн. Биз азыр маалыматтардагы кээ бир дал келбестиктерди аныктадык. Дагы текшерип, иликтөөнү тыкыр улантабыз» деди дүйнөлүк агенттиктин президенти Крейг Риди.

Буга чейин орус тарап WADAнын эксперттерин Москвадагы лабораторияга жолотпой келген.

Былтыр декабрда РУСАДАнын башчысы Юрий Ганус президент Владимир Путинге кайрылып, орус спорту «туңгуюкка кептелгенин» айтып, лабораториядагы маалыматтар менен бөлүшүүгө чакырган.

Юрий Ганус
Юрий Ганус

«Биз түпсүз жарга кулай турган абалдабыз. Таза спорттун бүгүнкүсүн жана эртеңин, азыркы жана келечектеги спортчуларды коргоп бериңиз», - деген анда Ганус.

Эгерде WADA РУСАДАны талаптарга жооп бербейт деп тапса, Эл аралык олимпиада комитетине кайрылып, Орусияны 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарынан четтетүүнү талап кылат. Бул 27-сентябрда Дохада баштала турган жеңил атлетика боюнча чемпионатка да Орусиянын спортчуларынын катышуусуна бөгөт коюшу мүмкүн. Бул күндөрү Жеңил атлетика федерацияларынын Эл аралык ассоциациясындагы Башкаруучу кеңеши Орусияны мелдешке кайтаруу маселесин кароодо.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Москва WADAнын дооматтары тууралуу кабар алганын билдирди.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

«Кремль бул маселе боюнча Дүйнөлүк агенттик менен байланышпайт. Бул Орусиянын спорт бийлигине байланыштуу, жооп ошол жакта даярдалат», - деди Песков.

Орусиядагы агенттиктин Байкоочу кеңешинин жетекчиси Алексей Ивлев болсо, WADAнын суроолоруна жообу бардыгын айтты.

Буга чейин кызытма жаңжалына байланыштуу Орусиянын агенттиги 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Мындан улам Орусия 2018-жылы Пхёнчхаңдагы Кышкы Олимп оюндарына мамлекет катары катыша албай калган. 168 орусиялык спортчу мелдештерге бейтарап туунун алдында катышкан.

WADAнын дагы бир баяндамасында орусиялык спортчулар 2014-жылы Сочидеги Олимпиадада да кызытма колдонгон миңден ашуун учуру айтылат.

Расмий Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

WADA менен кызматташууга, маалыматтарды тапшырууга даярдыгын билдирген. Ошондон кийин гана 2018-жылы Дүйнөлүк агенттиктин аткаруучу комитетинин колдоосу менен орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген. Анда коюлган талаптарга ылайык Москвадагы лаборатория орусиялык спортчулар тапшырган анализдердин үлгүлөрүн жана анын жыйынтарын текшерүүгө берүүгө милдеттендирилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG