АКШнын Жогорку соту Пенсилваниядагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Трамптын арызын четке какты

Дональд Трамп.

АКШнын Жогорку соту 8-декабрда шайланган президент Жо Байдендин Пенсилваниядагы жеңишин тааныбоо тууралуу арызды четке какты.

Жо Байдендин Пенсилваниядагы жеңишин жокко чыгарууну өтүнүп Республикалык партиянын өкүлдөрү Жогорку сотко кайрылышкан.

Соттун чечими президент Дональд Трамп жана анын командасынын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетинде биротоло утулушу катары бааланууда.

Бул - Трамптын командасынын шайлоо жыйынтыгы боюнча ондогон доо арыздарынын эң жогорку инстанцияга чейин жеткен биринчи учуру.

Буга чейинки инстанциялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо тууралуу арыздарды канааттандырган эмес. АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн.

Дагы караңыз

Сергей Лавров Германиядагы ашынган оңчул партиянын өкүлдөрү менен жолуктуБайден президенттигинин алгачкы 100 күнүндө 100 миллион вакцина менен камсыз кылууга убада бердиАбдил Сегизбаев: Салык менен бажыдагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү