Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Абдил Сегизбаев: Салык менен бажыдагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган


Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы башчысы.
Абдил Сегизбаев, УКМКнын мурдагы башчысы.

2016-2017-жылдарда салык жана бажы кызматтарындагы коррупциялык схемалардын башында президенттин ошол кездеги кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Азаттыктагы» маегинде билдирди.

Анын айтымында, дал ушул иштин алкагында Илмияновго карата «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Сегизбаев ал иш кийин өзгөрүп, Илмиянов жеңил жазанын негизинде жоопко тартылганын кошумчалады.

«Атамбаевдин учурунда бажы жана салык кызматтарындагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган. Ал саясий фигура катары ана башы болгон», - деди ал.

Икрамжан Илмиянов тараптан Абдил Сегизбаевдин билдирүүсүнө комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Жогорку сот 3-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов боюнча буга чейинки өкүмдөрдү күчүндө калтырган.

Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Илмиянов 2018-жылы октябрда кармалганын УКМК кабарлаган. Башкы прокуратура ага карата «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон. Илмиянов Жазык кодексинин «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» деген беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, 2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан жети жылга кесилген. Сот ошондой эле 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган.

Быйыл 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, беш жыл алты ай деп чегерген. Жогорку сот ошол өкүмдү күчүндө калтырды. Күнөөсү жок экенин айтып келаткан Илмиянов Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка чыгарылган. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG