Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Европа лидерлери Ирандын уран байытуу планына тынчсызданды


МАГАТЭ Иран уран байытыш үчүн центрифугаларды кураштыруу боюнча жер алдында ишкана куруп жатканын билдирген.
МАГАТЭ Иран уран байытыш үчүн центрифугаларды кураштыруу боюнча жер алдында ишкана куруп жатканын билдирген.

Британия, Франция жана Германия Ирандын уран байытууну көбөйтүү боюнча планы «терең тынчсыздануу жаратат» деп билдиришти жана 2015-жылдагы дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн өзөктүк келишимге каршы келерин айтышты.

«Эгер Иран дипломатия үчүн мейкиндикти сактап калууга олуттуу мамиле кылгысы келсе, анда ал мындай кадамдарынан баш тартышы керек», деп айтылат бул үч өлкө тараткан билдирүүдө.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран уран байытыш үчүн центрифугаларды кураштыруу боюнча жер алдында ишкана куруп жатканын билдирген. Анда бул жай Натанзадагы өзөктүк объектинин жанында салынып жатканы белгилүү болгон.

Мындан беш жыл мурун Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия менен өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтото баштаган.

Америка Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Жо Байден ант берип кызматка расмий киришкенден кийин эгерде Тегеран алган милдеттенмелерине кайра кайтса, анда Вашингтон өзөктүк келишимге кайра кошуларын билдирген.

XS
SM
MD
LG